Евгений Попов
Попов Евгений Анатольевич (1946-ж. т.) — жазуучу, драматург, эссечи. «Триумф» (2009) жана «Чоң китеп» (2012) сыйлыктарынын ээси.
Красноярск шаарында туулган. С. Орджоникидзе ат. Москва геологиялык чалгындоо институтун аяктаган. Россиянын түндүк-чыгышында геолог болуп иштеген. Цензурага жатпаган «Метрополь» жыйнагын (1979) чыгарууга катышкан.
Алгачкы аңгемелери «Новый мир» журналына жарыяланып, баш сөзүн Василий Шукшин жазган. Попов — көптөгөн аңгемелер жыйнактарынын («Шайыр орустар», «Алдабас сүйүү күтөм», «Кёльнга барчу самолёт»), романдардын («Патриоттун жандүйнөсү», «Арапанын алдында», «Башаламандыктын устаты») жана пьесалардын автору. Ал Василий Аксёнов тууралуу «Аксёнов» аталышындагы китепти да жазган (Александр Кабаков менен бирге).
Сынчылардын пикири боюнча, Поповдун прозасы нукура улуттук көрүнүш болуп саналат. «Анын прозасы бир эле маалда кереметтүү жана көрксүз, ачык-айкын жана тумандуу, орус адамы сымал сопсоо жана мас. Ошондуктан ал орус адамы сымал жакшы тааныш» (Сергей Боровиков). «Алардын болгон-бүткөн формалары менен көрүнүштөрүндө адамга кызыгып кароо, аны сүйүү жана эркин-эмин, шатыра-шатман турмуш сүрүү — дал ушул улуу гедонисттик башталыш көбүнесе анын прозасынын өзөгүн түзөт» (Артемий Леонтьев).