Олег Дозморов

1974-жылы Свердлов шаарында (азыркы Екатеринбург) төрөлгөн. Урал мамлекеттик университетинин филология факультетин, аспирантурасын жана МГУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Жүк түшүргүч, кароолчу, китепканчы, мугалим, журналист, редактор болуп иштеген. УрГУнун алдындагы адабий бирикмени жана «Урал» гезитинин алдындагы «Лебядкин» адабий клубун жетектеген. «Боштук» (1999), «Ырлар» (2001), «Сегиз саптар» (2004), «Бегемотту карап» (2012), «Урал акценти» (2019) сындуу беш ыр жыйнактын автору. «Урал» журналынын жана «Орус сыйлыгынын», «Москва эсеби» сыйлыгына лауреаты. Лондондо жашайт.
Дозморов орус классикалык поэзиясынын талаасына өз ырларын жазганга батынуу менен тим калбастан, а түгүл аны палимпсест катары колдонуудан да тартынбайт. Окурмандын түшүнүшү үчүн бул контексттин дегеле зарылдыгы жок деген кыялды да жаратууга белсенет.