Убакыт — жоголбогон асыл буюм денеси бар...

* * *

Убакыт — жоголбогон асыл буюм денеси бар, —
деп бизге айтып турду лондондук бир антиквар.
Канча узак жашасаң, курч сезесиң сак карап:
эч бир нерсе өзгөрүлбөй, жоголбой да сакталат,
а түгүл, сорпонун чыккан буусу да
сакталат антиквардын бир бурчунда.
Ошентип, өтпөй жаткан буюмдарын сунуштайт:
ак алтындан бул шакек алты бриллиант тагылган,
карындашы нике тойдо ортонуна тагынган,
бирок ал ойлонгон жок кеп маңызын ажыратып,
жаш жубайлар кетиптир го ажырашып.
Көрсөтөт сапфири бар сөйкөлөрүн,
аквамарин коюлган шакекти, башка дагы
кытайды дельфин менен, анан коло ташбаканы,
а Марина көрө салып саатын Рене Лаликанын —
түбөлүккө өлбөй турган модернди, гүлдү, кушту,
делебеси көтөрүлүп көккө учту,
Лаликти чогулталы деп чечип, чачтык миң-миң акчаны,
кайырчыга айланбаспыз сатып ийсек кайра аны.
А менин көңүлүмө толгону:
«Купидон жебе курчутууда» деген мейсен форфору.
Канатчан болук бала топ бадалга катып денесин
уурудай кытмыр күлүп курчутууда жебесин.
1779-жылы, мына сага тамаша.
Эч нерсе сатып албадык. А мен карап тизмеден,
кичинекей гипс айкел Евтерпаны издегем.
Аны таппай, күңкүлдөдүм кайра кайткан чагымда,
Евтерпа айым жүрсө дагы жанымда.
А антиквар капа болду. Биздин кандай ишибиз?
Шарфты оңдоп байланып, баса кийип шапкени,
Портбеллону андан ары кыдырдык,
балким, калдык мезгилдин эсинде биз кылымдык.