Алексей Кудряков

1988-жылы Свердловскиде (азыркы Екатеринбург) туулган. Уралдагы мамлекеттик токой-чарба университетин жана анын алдындагы аспирантураны бүтүргөн. Короо шыпыргыч, багбан, кароолчу, сахна машинисти болуп иштеген. «Ырлар» (2012) жана «Сокур чакырым» (2016) ыр жыйнактарынын автору. Ырлары грек, итальян, француз жана башка тилдерге которулган. Жаңы Пушкин сыйлыгына, «Белла» Орус-итальян сыйлыгына лауреат. Екатеринбургда жашайт.
«Алексей Кудряковдун поэзиясы азыркы кым-кууттуктан алыс. Анын лирикалык каарманы кытмырдыгы жок акылдуу ой жүгүртөт. Ал өз дүйнөсүнө сүңгүп кирип, социалдык нерселерге анчейин кызыкпайт. Кудряков чындап динге берилген, анын дүйнө таанымы ырларында жол-жоболорго байланбай, сөз менен табигаттын, логос менен космостун жандуу байланышын сезе билгендиктен — нукура поэтикалык», — деп белгилейт адабиятчы жана сынчы Артём Скворцов.