Торчо көз ийнеликтен калар элес...

* * * Торчо көз ийнеликтен калар элес: ичке дене бадыраң сабагындай, ал — сыйкырдуу керемет таяк эмес, жинди болгон Паганини таягындай. Бала — кыкта, парникте курсактагы, караңгыда тумчугуп кетти белем: бул жарыкка чыгам деп урпак жаңы, асмандай көк чүмбөтүн тепкилеген. Ачылган сыр асман-жер ортосунда: манапчылык, чыргоолук кубаттанат, муң, музыка — жалган дүйнө толтосунда экиленген кежирлик сыяктанат.