Мозаика
Жүрөк эмне? отолбогон агород...
М. Кузмин
Агород эмес, аты бар да, заты жок
чытырман же каралбай калган гүлзардай:
ыйкы-тыйкы ырбап тургандай...
Кудай-багбан түшүмгө жыргап жатканы —
сопуларга өстүргөн асманда гүл бакчаны,
жалган гүлдөп, чөп чабылбай, а бирок,
бүлүнгөнүм жанга жакканы.
Өрүлүп чөптөр, бадалдар —
о, жанып мында каакым сыяк панарлар! —
көшөрө кирип баратсам,
жолумду тороп жадаткан...
жан сиңирип жердин бүт тузун,
өзгөлөрдүн укугуна таш урат:
тарып улам таш дубалы мыйзамдын,
артындагы мейкиндикти жашырат.
Жандуу дене жалбыракты көп көргөм:
өңү-түсү ойдогудай төп келген,
байкабадым эч бир дарттын белгисин —
айрынын да изи калган чөптөрдөн...
жалтыраган жалган нерсе кайда жок,
жан умтулбайт кутулам деп ажалдан:
жалбырак, гүл, бутактан да пайда жок.
Акиташ да, бром, күкүрт уусу да
опаа болбойт — өлүмгө жан тез көнөт:
башат алып боз чаңдай бир бүртүктөн,
бара-бара укмуштанып өзгөрөт,
анан терең тамыр жаят шар кете...
Артка жол жок, өкүнүчкө алдырба:
ойлой билген бир тал чөпкө жан тете.
Кандай назик соолугандын оймосу!
Божомол бар эстен чыккан эскирип:
ага-инидей — жакшы менен жамандык,
аянычтуу... баш чайкайсың кеч билип.
Көзүң анда өзүңдү актап куп жансын:
жан бериши кайра жанбаган
жалбырактар дүйнөсүнө суктансын!
М. Кузмин
Агород эмес, аты бар да, заты жок
чытырман же каралбай калган гүлзардай:
ыйкы-тыйкы ырбап тургандай...
Кудай-багбан түшүмгө жыргап жатканы —
сопуларга өстүргөн асманда гүл бакчаны,
жалган гүлдөп, чөп чабылбай, а бирок,
бүлүнгөнүм жанга жакканы.
Өрүлүп чөптөр, бадалдар —
о, жанып мында каакым сыяк панарлар! —
көшөрө кирип баратсам,
жолумду тороп жадаткан...
жан сиңирип жердин бүт тузун,
өзгөлөрдүн укугуна таш урат:
тарып улам таш дубалы мыйзамдын,
артындагы мейкиндикти жашырат.
Жандуу дене жалбыракты көп көргөм:
өңү-түсү ойдогудай төп келген,
байкабадым эч бир дарттын белгисин —
айрынын да изи калган чөптөрдөн...
жалтыраган жалган нерсе кайда жок,
жан умтулбайт кутулам деп ажалдан:
жалбырак, гүл, бутактан да пайда жок.
Акиташ да, бром, күкүрт уусу да
опаа болбойт — өлүмгө жан тез көнөт:
башат алып боз чаңдай бир бүртүктөн,
бара-бара укмуштанып өзгөрөт,
анан терең тамыр жаят шар кете...
Артка жол жок, өкүнүчкө алдырба:
ойлой билген бир тал чөпкө жан тете.
Кандай назик соолугандын оймосу!
Божомол бар эстен чыккан эскирип:
ага-инидей — жакшы менен жамандык,
аянычтуу... баш чайкайсың кеч билип.
Көзүң анда өзүңдү актап куп жансын:
жан бериши кайра жанбаган
жалбырактар дүйнөсүнө суктансын!




