Алексей Цветков

1947-жылы Ивано-Франков облусунун Станиславында (Украина ССРи) туулган. Одесса мамлекеттик университетинин химия фокултетинде, М. В. Ломоносов атындагы Москванын мамлекеттик университетинин тарых факультетинде жана журналистика факултетинде билим алган. 1975-жылдан тарта чет элде — АКШ, Германия, Чехия, Израилде жашаган. 17 жыл бою унчукпай жүрүп, 2004-жылы поэзияга кайтып келген. «Жеке өмүргө пьесалар жыйнагы» (1978), «Уйку абалында» (1981), «Эдем» (1985), «Ырлар» (1996), «Керемет сөз айтуу» (2001), «Шекспир эс алат» (2006), «Эдем жана башка» (2007), «Сүйүү ысымы» (2007), «Тегиз шамал» (2008), «Маани детектору» (2010), «Жатаардагы жомок» (2010), «Ырлар жана балладалар» (2014), «Акыркы күзөт» (2020) ж. б. жыйнактардын, ошондой эле «Жөн эле үн» (2002) прозадагы поэмалар менен бир нече эссеистика китептеринин автору. Англо-америкалык жана польшалык акындарды орус тилине которгон. Андрей Белый сыйлыгынын (2007), «Anthologia» поэтикалык сыйлыгынын (2010), «Москвалык эсеп» сыйлыгынын (2011), «Орус сыйлыгынын» (2011) лауреаты. 2022-жылы көз жумган.
Сынчылар 2004-жылдан баштап А. Цветковдун «жаңы поэтикасын» сөз кылып, анын ыр түзүлүшүндөгү татаалдыгын жана таасирдүүлүгүн арттыруу максатында тилдеги аномалияга берилгендигин, өзүнө гана энчилүү өзгөчө көркөм үнү бар экенин баса белгилешкен.