аска
генерал-губернатор таскактата чубап аскерин
испан батареясы жакты карай жолду арбытса
кусалык уюп кандай үчүнчү жыл түлөп баш териң
түндөсү мылтык майлап таңда кезек сакал алгычка
эрте-кеч эриктирбей ооздо цинга кетпей баштан маң
таңында сүр эт чайнап чөнтөгүңө түшөт каткан нан
казанда комбат аты кечкиге да экөө камдалды
аларга касапчыдан суук кабар келет иретсиз
жумуртка кошкон сорпо жумурга жук болбойт бирок биз
бербейбиз Гибралтарды
эх элүү сегизинчи батальондо бирөө булуңдан
дамбалын чечкен экен жеңилденип бир аз алганга
замбирек огу ышкырып кашайгырдын башы жулунган
тулкусу учуп куштай улантууда ишин андан да
же дагы бир чатырда бийкеч кийип жатса байпагын
чачырап кетти дене табаласың анын кай санын
табытка салат белек как талаага тамган кан чаңды
бирөөнүн айтымында бир байпагы кийин табылган
ар жерде сөгүнгөн сөз бирок чыгат шыбыр жаныңдан
бербейбиз Гибралтарды
йоркшир аймагында барсам кана үйгө моллиге
ушинтип маектешем шериктешке мени кошкон соң
аңгыча жер силкинди мен өлдүмбү же ал өлдү де
сурайсың аны кимден шеригим да мен да жок болсом
жер көчүп айланкөчөк жан коёрго бир жай табылбайт
аскердик намыс ошол бары-жогуң ойго алынбайт
каргаша жарылгыч зат Күн да ысып мээни каңтарды
доктурду талыкшытып кечке чейин кыйнап келебиз
жыйнактап бүткөн бойду заараны да покту беребиз
бербейбиз Гибралтарды
генерал-губернатор демилгеси өчкөн элиот
эч кандай бийлиги жок аброю да кайдан бар анан
бурмалап ай-ааламды бүлүнбөгөн бүтүн жери жок
жаралуу атомдордой бөлүктөрдү бөлүп караган
өлсөк да биз бекембиз бул асмандан тиги аскадан
мелтиреп бүтүндөй бир үстөл окшоп айнек каптаган
акыркы сокку мына урулганда ташың талканбы
бууланып бул убакыт түбөлүктүн түбү көрүнөт
беребиз чымын жанды керек кезде атаң көрү деп