агымга каршы аракет
айтып-айтпай эң бийик үн оозуңда
дир-дир этет жоголчудай арадан
мейкиндиктер жашай албас тосулса
бүтүндөй бүт моюнга алып жай тапкын
ичинде бу саймалуу кир байпактын
жылтыраса кур кыялы тамандын
жыт сезгичтик ойчулдугу адамдын
адам болсоң ашар кылгын дүйнөнү
өгөй ата чоң энелер сен үчүн
мичуриндик кумурскадай үйдөгү
ысык сууну жаңы берди байкагын
кааалайсыңбы жууп салайын байпагың
бир түйүнү чубалган го билинбей
кекиртекти кычыштырган бул үндөй
сен айтасың өз жаныңды оозана
нака сымап а түгүл ал тунук суу
көбүнчө газ бирок суюк фазада
азыр мына мендеги жан туруктуу
жыпар жыттын булагы эмес грибок
тез оңолот бутуң болсо кири жок
дары-дармек сатып алам ал тургай
эң башкысы жаным таза аптындай
кээде мыктан жулунасың кан кызып
сырдуу веймер кеңешчиси сыяктуу
жаш сулууга курман кылып жанды ысык
азырынча байрак окшоп байпагым
иренжитпей турган кезде айтаарым
чекти коюп тың боломун жыйналып
а кимгедир чоң энедей сүр балык
дир-дир этет жоголчудай арадан
мейкиндиктер жашай албас тосулса
бүтүндөй бүт моюнга алып жай тапкын
ичинде бу саймалуу кир байпактын
жылтыраса кур кыялы тамандын
жыт сезгичтик ойчулдугу адамдын
адам болсоң ашар кылгын дүйнөнү
өгөй ата чоң энелер сен үчүн
мичуриндик кумурскадай үйдөгү
ысык сууну жаңы берди байкагын
кааалайсыңбы жууп салайын байпагың
бир түйүнү чубалган го билинбей
кекиртекти кычыштырган бул үндөй
сен айтасың өз жаныңды оозана
нака сымап а түгүл ал тунук суу
көбүнчө газ бирок суюк фазада
азыр мына мендеги жан туруктуу
жыпар жыттын булагы эмес грибок
тез оңолот бутуң болсо кири жок
дары-дармек сатып алам ал тургай
эң башкысы жаным таза аптындай
кээде мыктан жулунасың кан кызып
сырдуу веймер кеңешчиси сыяктуу
жаш сулууга курман кылып жанды ысык
азырынча байрак окшоп байпагым
иренжитпей турган кезде айтаарым
чекти коюп тың боломун жыйналып
а кимгедир чоң энедей сүр балык




