Арткы бетин кара

Дантенин сөөгү коюлган италиянын чакан шаары Равеннада аптаптуу май күнү. Качандыр бир убакта — Христос туулгандан берки бешинчи кылымдын башында император Гонорий Батыш Рим империясынын борборун ушул жерге көчүргөн. Качандыр бир убакта бул жерде порт бар болчу, бирок деңиз небак эле алыс тартылып, анын ордун саздар, розалар, чаң жана жүзүм аянттары басып калган. Равенна өзүнүн мозаикалары менен таанымал жана туристтердин тобу баштарын чалкалата, бийик, түркүн түстүү майда айнектердин күүгүм алдындагы күңүрт жалтырагын көрүш үчүн бир ибадатканадан экинчисине барышат. Бир нерсе көрүнүп турат, бирок анчалык жакшы эмес. Жалтыраган открыткаларда жакшыраак көрүнөт, бирок абдан жаркыраган, жалпак жана арзан.

Демим кысылып, ысык, чаң. Жандүйнөм кирдеп турат. Менин атам кайтыш болду, а мен аны ушунчалык жакшы көрчүмүн! Бир жолу, көп болду, кырк жыл мурда, ал ушул Равеннада болуп, мага атактуу мозаикалардын биринин сүрөтү түшүрүлгөн открытка салып жиберген. Кыязы, шашып жазса керек, эмнегедир карандаш менен арткы бетине минтип жазыптыр: «Кызым! Мен өмүрүмдө мындан өткөн кереметти (арткы бетин кара) көргөн эмесмин! Ыйлагым келип турат! Ах, эгер сен бул жерде болсоң! Сенин атаң!»

Ар бир айтылгандар жиндиче илеп белгиси менен аяктаган — ал жаш болуп, абдан шайыр эле, балким ал вино ичсе керек. Мен аны желке жагы бүктөлгөн фетр шляпачан көрүп турам — элүүнчү жылдардын аягындагы модага шайкеш, ошол учурда өзүнүкү болгон аппак тиштерине тамеки тиштеген, чекесинде тердин майда тамчылары — узун бойлуу, сымбаттуу, сулуу; тегерек көз айнектин ары жагында анын көздөрү бактылуу жанып турат... Ал жеңил ойлуулук менен ишенип, ишенимсиз эки почтага — италия жана орус почталарынын жашигине ыргыткан открыткада — бейиш. Кудай көз жоосун алган жашыл, түбөлүк жаз жыттанган бейиштин ортосунда отурат, тегерегинде ак койлор жайылып жүрөт. Ишенимсиз эки почта — италия жана орус почталары открытканын бурчтарын сындырып жана ушалап салышкан, бирок эч нерсе эмес, кат жетти, жалпысынан бардыгын көрүүгө болот.

Эгерде бейиш бар болсо, атам ошол жакта. Башка кайда болмок эле? Эми ал өлдү, жана мага илеп белгилери менен эч качан открытка жазбайт, эми ал эч качан ар кайсыл жерлерден мага кабар жибербейт: мен мындамын, мен сени жакшы көрөм, сен мени жакшы көрөсүңбү? мен кубангандай кубанып жатасыңбы? мен көрүп жаткан сулуулукту сен дагы көрүп жатасыңбы? сага салам айтам! мына открытка! Мына арзан, жалтыраган сүрөт — мен ушул жерде болдум! бул жерде укмуш экен! ах, эгерде сен дагы келе алсаң!

Ал бүт дүйнөнү кыдырды жана ага дүйнө жүзү жакты.

Эми мен дагы алымдын жетишинче анын изи менен келе жатам, ал болгон шаарларга барам жана анын көздөрү менен көрүүгө аракеттенем, анын жаш, бурчтан бурулуп, тепкичтер менен көтөрүлө, тиштерине тамекини тиштей жээктеги тосмолорду таянып кетип бара жатканын элестетүүгө аракет кылам.

Мына азыр чаң баскан, дем жетпеген, суз, бардык туристтик жайлар сыяктуу эле тар көчөлөрүндө эл көп Равеннадамын. Өлүү, ызы-чуулуу, ысык шаар, отура турган жери да жок. Туулуп-өскөн Флоренциядан куулган Дантенин мүрзөсү. Теодорихтин мүрзөсү. Равеннаны Империянын борбору кылган ошол Гонорийдин аялы Галла Плацидиянын мавзолейи. Он беш кылым өттү. Бардыгы өзгөрдү. Бардыгын чаң басып, мозаикалар күбүлүп түшүп калган. Маанилүү болгондор маанисиз болуп калды, тынчсыздандырганы кумга айланып кетти. Деңиздин өзү жок, жашыл толкундар көңүлдүү түрмөктөлүп шарпылдап турчу жерлер азыр ээнсиреп, чаң, жымжырт, ысык урган жүзүмзарларга айланган.

Кырк жыл — бир өмүр мурда атам ушул жерлерди кыдырып жана күлүп, алысты жакшы көрө албаган көздөрүн жүлжүйтө көчөдөгү орундуктарга отуруп, кызыл шараптан ичип, өзүнүн күчтүү тиштери менен пицца тиштеген. Анан көк түн түштү. Анан ал үстөлдүн четинде отуруп, карандаш менен өзүнүн алган таасирлерин жана бул дүйнөгө болгон сүйүүсүн илеп белгилерин туш келди коюу менен шашыла мага жазган.

Аба жетпеген булуттуу асман. Ысык, бирок күн көрүнбөйт. Чаң. Бир кезде деңиздин алдында жаткан жер болсо, азыр шаардын айланасы түшүмдүү кеңири талаалар менен курчалган; крабдар сойлоп жүргөн жерде азыр эшектер жүрөт, балырлардын ордуна роза гүлдөр өскөн. Бардыгы өлгөн жана токтоп калган, ал эми бир кездеги Батыш дүйнөсүнүн жаркыраган борборунда күлгүн түстөгү бешмант кийген америкалык туристтер туристтик бюрого кайрадан алданып калгандыгына нааразы боло кыдырып жүрүшөт: бул Европада бардыгы ушунчалык майда, ушунчалык кичинекей, ушунчалык эски! Он беш жүз жылдык. Дантенин мүрзөсү. Галла Плацидиянын мүрзөсү. Менин атамдын мүрзөсү. Ушаланган открыткада кандайдыр бир таптаза, кереметтүү жашыл бейиш.

Бул жерде аны ушунчалык эмне арбады экен? Мен керектүү ибадаткананы таап, жогору тарапка тиктеп турам — ооба, төбөдө жашыл бир нерсе турат. Жашыл шалбаадагы ак койлор. Кадимки, күңүрт жарык. Төмөндө туристтердин сүйлөшкөн ар кандай үндөрү. Сөөмөйлөрү менен көрсөтүшүп, жетектеп жүргөн адамдардан түшүндүрүп берүүлөрүн өтүнүп жатышат. Баланчанчы кылым, баланчадай өнөр. Бардыгы бардык жердегидей, ар дайымкыдай. Көрүү кыйын.

Ар бир италиялык ибадаткананын дубалында акча салуу үчүн кутулар илинип турат — кызыккандарга кошумча кызматтарды көрсөтүү үчүн. Эгер ал жакка үч жүз лира — бир доллардын төрттөн бир бөлүгүн салса — анда бир нече көз ирмемге шыптын алдындагы жаркыраган прожекторлор күйүп, жаркыраган жарык мозаикалык оймо-чиймелердин таштарын даана көрсөтөт. Боёктору чакыя майда-чүйдөсүнө чейин көрүнөт.

Топтолушкандар жандана түшүп, ого бетер уу-дуу болушат. Болгону бир доллардын төрттөн бир бөлүгү. Баары бир биз бул жерге алыстан келдик да, учак үчүн, поезд үчүн, жатакана үчүн, пицца үчүн, муздак суусундуктар үчүн, кофе үчүн акча төлөдүк. Дагы бир нече центти аяп турасызбы?.. Бирок көптөрү үчүн бул акча аялуу. Алар нааразы: аларга эскертишкен эмес. Алар бейишти бекер эле көргүлөрү келет. Топтошкон туристтер качан колу ачык жана шашма кимдир бирөө алдамчы италиялык аппаратка тыйын саларын күтүп турушат. Чынында эле бардык италиялыктар алдамчы эмеспи, чынбы? Тыйын түшкөндө гана прожекторлор жанып, кыска, адамдын көздөрү үчүн жетишсиз болгон көз ирмемде бейиш жапжашыл боло түшөт, койлор — күнөөсүз, Кудай — боорукер. Топтошкондор дагы катуураак күрү-күү боло түшөт... — бирок жарык өчүп, маанайы түшкөн туристтердин уу-дуусу бир саамга нааразычылыктарга, тойбогон күрү-күүгө, шаабайы сууган шыбырлар менен коштолот. Жана кайрадан бардыгы күүгүмгө чулганат.

Мен топтолушкандар менен бирге ибадатканалардан ибадатканаларга тентип, деңиздин ызы-чуусуна окшошкон ар кайсыл тилдеги басмырт сүйлөшүүлөрдү угам, мени адамдардын айлампасы жай баракат айлантып, максатсыз, чарчаган, меники сыяктуу максаты жок жүздөр көзгө тартылат — көз айнектер жаркылдашат, жол көрсөтүп жандап жүргөндөрдүн барактары шуудурайт. Мен ибадатканалардын тар эшиктеринен кысылып өтүп, башкалар сыяктуу эле жакшыраак орунду ээлөөгө, өтө кыжырданбоого аракет кыла жакын турган адамды түртүүгө аракеттенем. Эгер чын эле бейиш болгон болсо, — деп ойго батам — анда мен ага дал ушундай, койлордун, адамдардын таптак ушундай тобу менен — карыган, акылсыз, ач көзүрөөктөр менен бирге кирем. Анткени, эгер бейиш биз үчүн болбосо, анда ким үчүн, билүү кызык? Болбосо бизден, катардагылардан, орточо статистикалыктардан айырмаланган, өзгөчөлөнгөн башкалары дагы барбы?

Эч кимиси жок, мага бул жерде бардыгы ушундай байыркы жана анча бийик эместигине нааразы болгон америкалык туристтердин тобу менен бирге жашыл тулаңдар аркылуу тентип жүрүүгө туура келет. Эгер андай болсо, анда бул бейиште кызыксыз жана начар, бирок аныктама боюнча андай болбошу керек. Бейиште укмуштуудай керемет болушу керек.

«Мен өмүрүмдө мындан өткөн кереметти (арткы бетин кара) көргөн эмесмин!» — деп жазган атам мага. Арткы бетин карайм. Ал мен көрбөй турган эмнени көрдү экен?

Топтошкондор менен бирге кичинекей имаратка кысылып кирем, бул имарат тууралуу ушул кылымдын башында жашап өткөн орус саякатчысы Павел Муратов өз учурунда белгилүү болгон «Италия образдары» китебинде жазган:

«Галла Плацидиянын мовзолейинин шыбындагы абдан кочкул-көк түс адаттан тыш жана акылга сыйбас терең. Кымындай терезе аркылуу кирген жарыктын оюнуна жараша ал укмуштуудай жана күтүүсүздөн бирде жашылтым, бирде кызгылт-көк, бирде кочкул-кызыл түстөр менен ушунчалык кооз болуп, куюлушуп турат. Мунун фонунда кардай аппак койлордун арасында отурган боорукер жаш койчунун атактуу элеси берилген. Терезелердин тегерегиндеги жарым тегеректер булактан суу ичип жаткан бугулар менен бирге оймолонуп-чиймеленип кооздолгон. Жалбырактар менен жемиштердин гирляндалары жапыз түркүктөрдө чырмалып турат. Алардын кереметтүүлүгүн көргөндө адамзат ибадаткананы жасалгалөө үчүн мындан мыкты көркөм каражатты эч качан жарата алмак эмес деп эрксизден ойлоого болот. Ал эми бул жерде көрүстөндүн чакан белгисинин урматына убаракерчилик менен жасалган мозаика муздак көрк маселеси эмес сыяктуу. Бир кезде императрицанын бальзамдалган сөөгү жаткан саркофагды көк от менен жаркырай курчап турган аба жалындуу-диний фантазиялык элестөөлөрдүн кыялы болууга татыктуу. Готика соборлорунун түстүү айнектеринин сүрөткерлери башкача жол менен ушуга умтулушкан эмеспи?»

Мыкты сөздөр! Бирок, ибадатканага кысылып кирип, мен эч нерсе деле көргөн жокмун. Балким, Муратов үчүн өз убагында жол көрсөтүүчү адам храмды от менен жарык кылып бергендир, бирок азыр бул жерде жөн эле караңгы, араңжан тийген жарык терезелерден эптеп эле туристтердин аркаларына бүдөмүк тийип турат. Топтошкондор чыканактары тийише тыгыз жана өжөрлөнө турушат. Жарык бере турган кутуга тыйын ыргытуу керек, бирок эч ким шашылган жок, ар бири муну башка кимдир бирөө жасайт деп күтүп турат. Мен дагы шашылбадым. «Мен деле көп жолу тыйын салдым, — ичимден актанып жаттым, — эми башкалар деле салсын». Аба жетпеген караңгылыкта бир мүнөттөй убакыт өтөт. Экинчи мүнөт. «Мен эмнеге аны жасайт элем», — ар бири ушинтип ойлойт.

Караңгылык башты кысып жиберет. Чычкандын, көгөргөн дубалдардын жана башка абдан эскирген бир нерселердин жыты жыттанат, убакыттын өзү ушундай жыттанып жаткандай. Андан кийин адамдардын жыты келет — карылыктын, атырлардын, мурунду жарган дарылардын, тердин, тамекинин жыты. Өлгөндөн соң дароо ушундай болот: караңгылык, кимдир бирөөнүн дем алуусу жана караңгыда бышылдоо, ысык илеп, күтүү, сапарлашына карата кастык, бул кастыкты көрсөтпөш үчүн сылык чечкиндүүлүк, бир аз өзүмчүлдүк, кежирлик, үмүт, шектенүү. Бейишке карай жолдогу күтүү залы — башка каякка? «Мен өмүрүмдө мындан өткөн кереметти (арткы бетин кара) көргөн эмесмин! Ыйлагым келип турат!» — атам бейиштен ушинтип жазат.

Акыр-аягы мүнөздүү чыкылдатуу угулат — кимдир бирөө акыры тыйын салууну чечиптир, мурдагыдай эле бир нече көз ирмемге жарык жандырылат. Кыска көз ирмемде — көздөр шыпты караганга жетишпей калат, көздөр шашылыш карашат, кыска көз ирмемде мокок жана коюу караңгылык күтүүсүздөн төбөдөгү жылдыздуу асманга, көздөргө жакын жайгашкан чоң жылдыздарга куюлушуп турган кочкул-көк куполго айланат. «А-аххх!» — ылдыйдан жаңырат жана жарык өчөт, кайрадан караңгылык, мурдагыдан дагы караңгы.

Анан кайрадан чыкылдатуу, жана кайрадан фантастикалуу, кудум айланып жаткан дөңгөлөк сымал түркүн түстүү жылдыздар, жана дал ошол «көк жалын болуп күйгөн аба» — секундалык көрүнүш, анан кайрадан караңгылык. Кайрадан чыкылдап салынган тыйындын үнү угулат — укмуштуудай көрүнүш, кетпе, биз менен бол! — жана кайрадан караңгылыктын соккусу. Күнөөкөрлөрдүн тобу сыйкырлап койгон сымал жүздөрүн жогору каратып турушат. Караңгылыкта жол ачылып, убадалар берилди, далилдер көрсөтүлдү, бардыгы куткарылат, эч кандай түшүндүрүүлөрдүн кереги жок — ысымы белгисиз сүрөтчүлөр тарабынан биздин үстүбүзгө тургузулган сыйкырдуу көк туңгуюк сөзү жок тилде өзү сүйлөйт, ырдайт. Көк түс ылдыйга, жемиштери менен жалбырактары бар себеттерге куюлат... бардыгы жоголот, бирок улам-улам жарык жарк этет, жана майрамдын аягы жоголо түшөт, жана мына-мына периштелердин ыры жаңыра тургандай. Жарык болсун!

Мен кылдаттык менен топтолгондордун арасынан кысылып өтөм, жарык менен өлүк коюлган жайдын дубалдарын ажыратып, фейрбек орноткон тойбоско уурдана карагым келет. Ал майыптардын арасында башын жерге салып отурат. Анын тизесинде тыйындары бар куту турат. Ал колдору менен тыйындарды сыйпалап алып, аны автоматтын жыртыгына салат, жана кыска көз ирмемде кочкул-көк, кызгылтым-көк жана кочкул-кызылга куюлушуп жатканда жол көрсөтүп жүргөн аял анын кулагына мен укпагандай шашылыш бир нерселерди шыбырайт, укканда деле мен түшүнө албайм: бул тил мага тааныш эмес.

Бул адам — сокур. Бардык сокурлардай эле анын жүзү түнт жана чыдамкай, кабагы салаңдап, башы ылдый түшкөн, кулагын өзүнүн аял шеригине кыйшайта тосот. Ал ага ким: кызыбы, же аялыбы, же болбосо саякат үчүн жалданган жөн гана чогуу иштешкенидир? Ал анын шыбырагандарын угуп жана анда-санда баштарын кыска ийкеп коюп жатты: макул. Макул. Ал дагы уккусу келип турат, тыйындарды биринин артынан бирин салат. Ал тыйынды караңгылыкка таштап жатты, ал эми караңгылыктан билишинче сулуулук аркылуу болгон улуу жубатуу тууралуу айтып берген үн угулат.

Ал угуп бүтүп башын ийкеди, жылмайып да койду, аял дагы топтолушкандардын арасында майыптардын арабасын жеңил эле башкарып, аны бурду дагы Мовзолейден чыгып кетти. Аларды карап жатышты: ага баары бир болчу, ал эми аялга көнүмүш болуп калган сыяктуу. Отурган адамга аз болсо дагы кошумча азапты тартуулоо менен араба аянттагы төшөлгөн ташта секирип баратты. Булуттан жамгыр тамчылары себелеп, бирок дароо эле токтоду.

«Арткы бетин кара»! Бирок арткы бетинде эч нерсе жок, арткы бетинде болгону караңгылык, аптап, үнсүздүк, кыжырдануу, күмөнсүнүү, үмүтсүздүк. Арткы бетинде — эскилиги жеткенден улам сүрүлүп бүткөн бир нерсенин сүрөтү, качандыр бир маанилүү болгон, бирок мен үчүн эмес. «Ыйлагым келип турат», — кырк жыл мурда өзүн суктандырган (балким, андан да көбүрөөк) сулуулук тууралуу атам ушинтип жазган, менин да ыйлагым келип турат, анткени ал түбөлүк келбейт, жана мен анын кайда кеткендигин билбейм, жана андан болгону үйүлгөн кагаздар, анан мен китептен китепке кыстарып катып жүргөн жашыл бейиштүү открытка гана калды.

Бирок, балким, бардыгы башкачадыр, балким, мунун бардыгы илгери эле ойлонуштурулгандыр, жана бардыгы план боюнча келип, бүгүн эле үн каткандыр? Ишеним менен көөдөнү толгон белгисиз византиялык устага Жараткандын бакчасынын ажайып сулуулугу көрүнгөн. Алынын жетишинче, ал муну өзүнүн тилинде, балким, дагы көп нерсеге күчү жетпесине нааразы боло чагылдыргандыр? Кылымдар өтүп, менин атам Равеннага келип, башын көтөрүп, Эдемдин сүрөтүн көрдү, анын сүрөтү тартылган арзаныраак сүрөттү сатып алды, илеп белгиси менен тууралыгын тастыктап, мага сүйүүсү менен аны салып жиберди, — бардыгы өз тилин гана тандап алат. Эгерде ал аны салып жибербегенде мен бул жерге келбейт элем, караңгы ибадатканага келбейт болчумун, сокурга жолукпайт элем, анын колдорунун кыймылдашы менен караңгылыктын аркасында бейиштин босогосундагы көгүлтүр жарыктын кантип жанаарын көрмөк эмесмин.

Анткени биз ушунчалык сокурбуз, жок, биз ушул арабадагы кары адамга караганда миң эсе сокурураакпыз. Бизге шыбырап айтышат, бирок биз кулак сыртынан кетиребиз, бизге көрсөтүп беришет, бирок биз аркабызды салып кетебиз. Бизде ишеним жок: биз ишенүүдөн коркобуз, анткени бизди алдап коюшат деп коркобуз. Биз мүрзөдө экендигибизге ишенебиз. Караңгылыкта эч нерсе жок экендигин биз так билебиз. Караңгылыкта эч нерсе болушу мүмкүн эмес.

Алар болсо кичинекей өлүк шаардын тар көчөлөрүн аралай алысташат, жана аял арабаны түртүп, сокурдун кулагына эңкейе бир нерселерди айтып бара жатат, жана мукактанат, балким, мен эч качан таап айта албаган сөздөрдү таап айтат. Эркек бир нерсеге каткырат, аял болсо анын кайрылып калган жакасын оңдойт, ал эркектин тизелериндеги кутуга тыйындарды себелейт, ал тамактануучу жайга кирет дагы, ага бир кесим пицца алып чыгат, жана ал караңгылыкта колдору менен көрүнбөгөн жана керемет тамакты сыйпалап, ыраазы боло, кылдаттык менен жана туш келди тиштеп жейт.