Василий Бородин

1982-жылы Москвада төрөлгөн. Москвадагы мамлекеттик металлургиялык кечки инс­титутту аяктаган. Редактор, жасалгалоочу болуп иштеген. Алты ыр жыйнагынын автору. Орусиянын Андрей Белый атындагы сыйлыгынын, Орусия менен Италиянын биргелешип уюштурган «Белла» сыйлыгынын ээси. 2021-жылы дүйнөдөн өткөн.
«Бородиндин поэзиясы логиканын жана абсурддун ортосундагы тең салмактуулукту кармоо менен мейкиндикти жана мезгилди адаттагыдай кабыл алууга айланып кетет», — деп жыйынтыктайт акын жана сынчы Денис Безносов.