Леонид Юзефович

Юзефович Леонид Абрамович (1947-ж. т.) — жазуучу, сценарист, тарыхчы. «Улуттук бестселлер» (2001, 2016), «Чоң китеп» (2009, 2016, 2021) сыйлыктарынын лауреаты.
Москва шаарында туулган. Балалык жана өспүрүм кездери Пермде өткөн. Перм университетинин тарых факультетин аяктаган. Журналист, мугалим болуп иштеген. Тарых илимдеринин кандидаты.
1977-жылы алгачкы «Бойдоктук менен баш кошуу» повести жарык көргөн. Кийин анын «Эсперо» клубу», «Шамал князы», «Казароза», «Турналар жана кодопиштер», «Чөлдүн ээси», «Хийумаадагы маяк», «Филэллин» сымал тарыхый повесттери жана романдары чыккан.
Изкубар Иван Путилин тууралуу тарыхый детективдер сериясы окурмандардын зор кызыгуусун туудурган.
Юзефовичтин прозаларында жана документалистикасында тамыры терең тарыхыйлык экзистенциалдык чыңалуу менен айкалышат. «...Детективдүү интриганын артынан бардык убакта башка, болмуштун кымбат табышмагы чуркап жүрөт <...> Юзефовичтин ар бир детективдеринде киши өлтүргүчтү издегенге караганда андан да кызыктуу окуялар бар. Ал окуялар өтө интеллектуалдуу: окурман глобалдуу, ааламды кучагына камтыган идеялардын кандайдыр бир табышмагына чөмүлөт» (Марина Абашева).