Александр Тимофеевский
1933-жылы Москвада төрөлгөн, блокададагы Ленинградда жашаган. ВГИКтин сценариялык факультеттин аяктаган. «Таджикфильм», «Союзмультфильм» жана «Мульттелефильм» киностудияларында редактор болуп иштеген. Мультфильмдердин сценарийлерин жана алардын ырларын жазган. «Чебурашка» мультфильминдеги «Крокодил Генанын ыры» кеңири белгилүүлүккө ээ. Узак мезгилдер бою «өзү үчүн» гана жазып келген. Биринчи ырлар жыйнагы 1992-жылы гана чыгат. «Кечиккен аткыч» (2003), «Жүз сегиз ырлар жана аңкоо Гамлет» (2004), «Махабат маңызы тууралуу Парижге кат» (2005), «Зоопарктагы укмуштар» (2006), «Деңиз жээгиндеги ой толгоо» (2008), «Краш-тест» (2009), «Римдик достун жообу» (2011), «Ушул жерде туулгам» (2017), «Сиракузадагы метаморфозалар» (2020) ж. б. он беш ыр китептеринин автору. «Дружба народов» журналынын (1998), «Венец» Москва жазуучулар бирлигинин (2006), «Москва эсеби» (2007), «Anthologia» поэзия (2009) сыйлыгынын лауреаты. 2022-жылы дүйнөдөн кайткан.
Сынчы Даниль Давыдовдун пикири боюнча, «Тимофеевский маанинин ар кыл деңгээлдеринде кылдат иштейт жана ар кандай деңгээлдерде окулушу ыктымал; ал аны тенденциянын кайсынысына болбосун тизмектөөгө абдан ыңгайлуу, бирок дал ушу нерсе анын поэзиясын — принципиалдуу түрдө „модалуу эместигине“ карабастан — өтө заманбап кылып турат».