Лев Данилкин

Данилкин Лев Александрович (1974-ж. т.) — жазуучу, сынчы. «Чоң китеп» сыйлыгынын лауреаты (2017).
Винница шаарында, тилчи-мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. М. В. Ломоносов ат. ММУнун филология факультетин жана аспирантурасын аяктаган. Playboy журналынын шеф-редактору, «Ведомости» газетасынын адабий баяндамачысы, «Афиша» журналынын китеп баяндамачысы жана «Россия газетасынын» маданият бөлүмүнүн редактору болуп иштеген. Анын азыркы орус адабияты тууралуу сын макалалары «Парфян жебеси», «Бечаранын ичегиси боюнча айланма жолдор» жана «Куйруктан тетири саноо. Орус адабияты боюнча жол көрсөткүч» жыйнактарына топтолгон. «Жумуртка кармаган адам» (Александр Проханов тууралуу), «Балалуу жүргүнчү» (Юрий Гагарин тууралуу) жана «Күн чаңынын пантократору» (Ленин тууралуу) мыкты, терең жана өзгөчө биографиялык изилдөөлөрдүн автору.