Леонид Бородин

Бородин Леонид Иванович (1938—2011) — жазуучу, публицист, коомдук ишмер. «Ясная Поляна» сыйлыгынын (2007), Александр Солженицын сыйлыгынын (2002), бир катар орус жана европа сыйлыктарынын лауреаты.
Иркутскда мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Көп узабай атасы репрессияга тартылат. Жаш кезинде Круглобайкальск темир жолунун жолчулар бригадасында, Братск ГЭСинин курулушунда, Норильск кендеринде иштеген. Улан-Удэде педагогикалык институтту аяктап, айыл мектебинин директору болуп эмгектенет.
Диссиденттик кружокко катышкандыгы үчүн 6 жылга эркинен ажыратылган. Түрмөдө жатканда Бородин ырларды жана аңгемелерди жазып баштаган. Жазуучунун көмүскө басмадан чыккан чыгармалары («Кереметтин жана капанын жылы», «Үчүнчү чындык» ж. б.) чет өлкөлөргө чейин белгилүү болгон. Кайра куруу жылдарынан кийин публицистика менен алектенип, «Москва» журналынын баш редактору болуп иштейт. А. М. Горький ат. адабият институтунда сабак берген. РФнын Коомдук палатасынын мүчөсү болгон.
Бородин — классикалык орус адабиятынын руханий-салттуу линияларынын улантуучусу болуп саналат. Анын прозаларында нукура турмуш курч сюжеттүүлүк, жугумдуу баяндоо, тарыхыйлуулук менен айкалышкан. Бородиндин китептеринде өзгөчө орунду Сибирь турмушу ээлейт.