Илья Бояшов
Бояшов Илья Владимирович (1961-ж. т.) — жазуучу, тарыхчы, котормочу «Улуттук бестселлер» сыйлыгынын лауреаты (2007).
Ленинградда төрөлгөн. А. И. Герцен ат. ЛМПИнин тарых факультетин аяктаган. Экскурсовод, почточу, киномеханик, кароолчу болуп иштеген. Нахимов аскер-деңиз окуу жайында тарых сабагын берген. Басмада редактор, «Аврора» журналында жооптуу катчы болуп иштеген. Басма сөздө алгачкы макаласы 1988-жылы жарыяланат. «Муранын жолу» романынан соң Бояшовду «Прозанын Кустурицасы» деп аташкан. Окурмандар арасында анын «Танкист, же «Ак жолборс» романы, «Эдем», «Кокон» жана башка повесттери белгилүү.
Сынчылардын ою боюнча, «Бояшовдун тексттери кадырланган социалдык баалуулуктарды башка өңүттөн баяндоо менен орус апендичилик салтынын күлкүлүү, тамсыл-тамашалуу одуракай эстетикасына кирет...» (Дмитрий Голынко-Вольфсон).