Ирина Ермакова
1951-жылы Керч булуңунда, кемеде төрөлгөн. Черкассыда (Украина) чоңойгон. Москва транспорт инженерлер институтун «Көпүрөлөр жана тоннелдер» адистиги боюнча аяктаган. Көпүрөлөрдү долбоорлоо боюнча инженер-конструктор болуп иштеген. «Одиссейге бешик ыр» (2002), «Улей» (2007), «Майрамды күтүү» (2009), «Кара жибекке кара туш менен» (2012), «Жетинчи» (2014) сыяктуу сегиз ыр китептин, италия тилине которулган «Ninna-nanna per Odisseo e altre poesie» (2008) аттуу ыр жыйнагынын жана бир нече адабий мистификациялардын автору, алардын ичинен эң белгилүүсү — XII кылымдагы япон акын айымы Ёко Иринати. Ырлары англис, араб, болгар, италян, каталон, кытай, латыш, македон, немис, поляк, португал, румын, серб-хорват, француз жана башка тилдерге которулган. «Арион» жана «Октябрь» журналдарынын сыйлыктарына, «Anthologia» поэзия сыйлыгына, «LericiPea Mosca» италия-орус сыйлыгына, «Москва эсеби» чоң сыйлыгына, эл аралык Волошин сыйлыгына, «Венец» сыйлыгына лауреат. Москвада жашайт.
Ирина Ермакова бирдей деңгээлде классикалык жана авангарддык эки салттын мураскери болуп саналат, аларды өзүнүн лирикалык «менинин» таасири аркылуу баш ийдирүү менен жаңылап жана өркүндөтүп төрт муундук ямбдан тартып, велибрге чейинки орус ырларынын ар түрдүү формаларын устаттык менен пайдаланат.