Тилектердин орундалышы

Түтүндү үйлөйм. Периштеге кайрылам.
Аркамда тез жардам келет ашыгып.
Чылым. Тилектер арбын. Түштүк жак.
Караңгылык шыңгырайт жылчыктарга жашынып,
Бут алдымда шагыл тарсылдап.

Он төртүнчү тык токтоду. Өтүп кетти.
Толкун келип урунуп, тартат кайра.
Кабулдук каалга кагып, тосмону силкилдетти.
Көйнөкчөн турам көктү карап жалдырап,
Баш кургурум жез казандай калдырап.

Жаңсасам колду — чачырап учкун таралат,
Кумпага жабышып, жылдызды сагалап
Калчылдайт азыр мына уччудай,
Ышылдайт анан: эч качан эч нерсеге кеч эмес.
Каардуу токсон бешинчи ышкырынат,
Толкундар бопбош торду тытып тынат.

Кырк биринчи өрт куйругун сүйрөп көрүүдө,
Шагылдар шагырап цикада хоруна чөгүүдө,
Мынакей акыркысы чаңкылдап, баардыгын алып кетти,
Мен деңизди турам кечип,
Тилектер желеси топ жылдыздан кетти шишип.

Майдасы үзүлсө — эч кайда,
Сегиздикти айландырып, сынамакка атты го:
Пшик! — карасаң — жылдыз көзгө тартылуу,
Сүзүп келет көз уялткыч жакшы го
Горизонтто кызыл зымдар аркылуу,

Караңгыны бырчалап, учкун жылт-жылт этип,
Эшелондор он жети да, отуз жети
Асман бетинен түндү кууп.
Аймактан ары дүңгүрөп, жантаят туңгуюк,
Жылдызданат — камсыз кылат. Баардыгы — баардыгына.