Одиссейге бешик ыр

Айтат ал: кызым менин, бечарам Пенелопа,
абдан карыпсың го мен жүргөндө сайран кучагында,
бөлөнгөн музга Америка, айнек сыныгына Европа,
бул жерде гана шарпылдайт жандуу кылым бут алдыңда.

Сен, жаным, сандалгыча, беде каптап айланаңдан,
жалбырагы жүрөк ачыштырган кызгылтым беде белем,
эркин жүргөн кез токулуп, беде менен саймаланган,
беденин ачуу өлбөс тундурмасын мен сага демдеп берем.

Ич, түштүк жээкке такалат адашкан кеме — баарысы,
ич, бой-бозойлор кырылган, а деңизде тоодой толкун,
ич, уулдарыбыз эр жетти, Американы керек жабышы,
ич, асман оңуп бозоргон, ич, Одиссей, жолуң болсун!

Эркелеп толкун уйкулуу, жалбырак желпип аптапты,
беделүү чөйчөк толтуруп мекендин ойдуң-кырларын —
беде руху төшөлгөн жомоктой танбас таптаттуу,
Ич, аянбай ич, жыргалым, мурдагы менин жыргалым!