Александр Терехов

Терехов Александр Михайлович (1966-ж. т.) — жазуучу, журналист, киносценарист, редактор. «Улуттук бестселлер» (2012) жана «Чоң китеп» (2009) сыйлыктарынын лауреаты.
Тула облусундагы Новомосковск шаарында туулган. 1991-жылы М. В. Ломоносов ат. ММУнун журналистика факультетин аяктаган. «Огонёк» журналында жана «Совершенно секретно» газетасында баяндамачы, «Люди» журналында башкы редактордун орун басары, «Настоящее время» газетасында башкы редактор болуп иштеген. Москванын ­Батыш административдик округунун префектурасынын басма сөз борборун жетектеген.
«Келемиш өлтүргүч», «Чөлдүн чети», «Бул чыдай алгыс жаркын келечек», өтө социалдык «Немцев» жана сталин доору тууралуу тарыхый фантазия «Таш көпүрө» сыяктуу китептердин автору. Акыркы эки китеби коомчулукта кызуу талаштарды жаратып, экрандаштырылган.
Тереховду ширин тилдүү кылдат стилист катары баалашат. Анын каармандары ар убак өз доорунун азап-тозоктору менен сыноолорунан тайгылбай өтүп, татаал тарыхый мезгилдерде жашайт.