Андрей Волос
Волос Андрей Германович (1955-ж. т.) — жазуучу, акын, котормочу. РФ Мамлекеттик сыйлыгынын (2000), «Орус Букери» сыйлыгынын (2013) жана «Антибукер» (2000) жана башка бир катар сыйлыктардын лауреаты.
Сталинабад (азыркы Дүйшөмбү, Тажикстан) шаарында, геологдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Москвадагы И. М. Губкин атындагы мунай-химия жана газ өнөр жайы институтун аяктаган. Риэлтор, программист болуп эмгектенген. Тажик поэзиясын которуу менен алектенген. Адабиятка 1980-жылдардын аягынан тарта аралашып келет. А. М. Горький атындагы адабият институтунун профессору.
«Хуррамабад», «Кыймылсыз мүлк», «Маскав Меккеси», «Аниматор», «Жеңүүчү», «Чыккынчы», «Панджрудга кайтып келүү» жана башка романдардын автору. Тарыхый роман, антиутопия жанрында жазат. Волостун башкы темаларынын бири — Орто Азия, анын рухий тарыхы жана азыркы учуру.
Сынчылардын ою боюнча, «Волостун чыгармаларында реализм өзүнүн салттуу формаларында көрүнүп, өзүнүн түгөнгүс жашоо жөндөмдүүлүгүн далилдейт» (Мария Ремизова).