Сергей Стратановский
1944-жылы Ленинград шаарында туулган. Ленинград мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. А. С. Пушкин атындагы музейде, Эрмитажда экскурсовод болуп иштеген. Орус улуттук китепканасында (Санкт-Петербург) библиографтык милдет аткарган.
«Күндүзгү түн» (2000), «Тунарган дайрала» (2005), «Даптын жанданышы» (2009), «Анжир багы» (2010), «Граффити» (2011), «Иов жана араб» (2013), «Үзүл-кесил үндөр» (2016), «Сыр жыйнак» (2019) сындуу он бир ыр жыйнактын автору. Китептери англис, болгар, голланд, иврит, итальян, литва, немис, поляк, фин, француз, чечен, швед жана эстон тилдерине которулган. И. А. Бродский атындагы фонддун стипендианты. Царскосельский көркөм адабият сыйлыгына, Борис Пастернак атындагы адабий сыйлыкка, Н. В. Гоголь атындагы сыйлыкка, Андрей Белыйдын сыйлыгына, «Anthologia» поэтикалык сыйлыгына, Дж. Кардуччи (Италия) атындагы сыйлыкка, «Парабола» сыйлыгына лауреат. Санкт-Петербург шаарында жашайт.
Адабиятчы жана сынчы Андрей Арьев автордун чыгармачылыгы тууралуу мындай пикир айткан: «Маданияттын бир кубулушу катары Стратановскийдин поэзиясы биздин жан дүйнөбүздү жасалмалуу массалык маданияттын тез кабыл алынма азгырыгынан сактайт, рыноктук рейтингге ишеним артпоого чакырат, билим булактарынын көзүн бүтөп, бүткүл «дүйнөлүк маалымат желесине» болушунча толуп алган жалгандын чаңын учурат. Эң негизгиси акын дүйнөлүк жашоо-турмушту шарттуу окуялардын бүтүндүгү катары карап, ошого жараша азыркы адамдын терс кылыктарына каршы чыгат, анын өзүн-өзү билемдигин жектейт».