Кит тукуму

(Ю. С. Рытхэунун «киттер кеткен кезде»
повестинин негизинде)

Мен деңиз аңчысымын,
Бир атым кит өлтүргүч —
     мерт кылган бир тууганын:
Кит болчу менин бабам,
     чоң чоң энем — жер кудайы
Болуучу, алар кайдан
     баш кошкон, билбейм анык,
Муну билген кемпирлер бар,
     ошолор берер айтып.

Кит-бабам дал ошондо
     адамга айланыптыр,
Тюленге, морждорго
     аңчылык ал кылыптыр
     (Не кылат? Айла жок го).
Ал бирок бир ирет да
     деңиздеш кит тууганга
     дегесин көтөрбөптүр.
Арттагы балдарына
     киттерди урматтоону,
     ак пейил жандыктарга
Эч качан кол салбоону
     керээздеп кеткен экен.

Бул болгон, ишенемин...
     А бирок кандай кылам?
Элибиз ачкалыктан
     кырылып жаткан кезде,
     морждор, тюлендер да,
Алыстап качкан кезде,
     барбаска айлабыз жок
     кит-тууган байыр алган
Кысыкка аңчылыкка.
Мейли алар эти менен
     багышсын бир тууганын
кабылган ачкалыкка.