Эдуард Лимонов
Лимонов Эдуард Вениаминович (чыныгы фамилиясы Савенко; 1943—2020) — жазуучу, акын, публицист, коомдук ишмер.
Горький (азыркы Нижегородск) областындагы Дзержинск шаарында төрөлгөн, балалык чагы Харьков шаарында өткөн. Эмгек жолун бир катар жумушчу адистиктерин алмаштыруу менен 17 жашында баштаган. Адабиятка акын катары аралашып, жыйнактары көмүскө басмада басылып таркаган. 1974-жылы эмиграцияга кеткен, 1980-жылы Францияда аны эл аралык алкакта таанымал кылган «Бул мен — Эдичка» аттуу туңгуч романы жарык көргөн. 1990-жылдардын башында Россияга кайтып келген.
Лимонов — «Анын кызматчысынын таржымалы», «Жолу жоктун күндөлүгү», «Өспүрүм Савенко», «Бизде улуу доор болгон» сыяктуу жыйырмага жакын романдардын жана повесттердин автору. Аңгемелер жана ырлар жыйнактары, көптөгөн эсселери, коомдук-саясий макалалары, эскерүү китептери чыккан. Кээ бирлери, көбүнесе, жол берилген чекти жарган, козголоңчул духтагы анын айбаттуу жана назик прозасын «катаал реализм», ал эми башкалары — өз доорунун бардык кумарын, азгырыктарын жана көңүл калууларын өзүнө алган орус акынынын интеллектуалдык төгүлүп-чачылышы катары эсептешет.