Дарыялар
(«Суулар китебинен» үзүндү)
Сена
Бул дарыя — өмүрүмдө башкаларга караганда бир топ узагыраак көргөн дарыя. Сенанын жээгинде он төрт жыл жашадым. Же он төрткө жакын. Эмнеси болсо да, биринчи он бир жылда нукура париждик болгом. Кызыгы, мен башка шаарларга караганда көбүрөөк париждикмин! (Москвада эки жолу, эмиграцияга чейин жана андан кийин деле азыраак жашадым.) Мен чыныгы «paridoмун» жана өзүмдүн «Paname» жакшы көрөм, чыныгы париждиктер («parido») кылым башындагы Панама каналы боюнча чатактын кесепетинен өз борборун оозеки «Paname» деп аташат. Кылымдын бул коррупциясына Фердинанд Лессепстин тиешеси бар эле, башкача айтканда, париждиктер борборун «Доллардын белгиси бар чатак Париж аркылуу сойлоп өтөт» деп коюшкан.
Сена. Сен-Луи аралында Анжу жээгиндеги ХIХ кылымдын ортосунда Шарль Бодлер (ошондой эле Теофил Готье) жашаган жана гашиш клубу жайгашкан Пимодон мейманканасы (Lozen Hotel) бар. Жок, мен Бодлердин үйү тууралуу бир нече китептеримде бекеринен айткан эмесмин. Чындыгында, Шарль Бодлер мен үчүн жаңы шаардык эстетиканын жаратуучусу гана эмес (ага чейин искусстводо дворяндык: помещиктик-айыл чарба эстетикасы үстөмдүк кылган), ошого ылайык, Инжилге ылайык сыяктуу, биз бүгүн да жашап жатабыз. Ал ошондой эле шаар дүйнөсү болгон заманбап дүйнөнүн ойлоп табуучусу. Ал баарыбызды ойлоп тапкан. Ал жана Бальзак.
Ошондуктан мен Сен-Луи аралына Бодлерге жакыныраак күнгө күйүүгө барчымын. Мен америкалык рюкзакты алып, ага жука төшөктү, бир-эки французча китептерди, мага күндөлүк жана ошол эле учурда чыгармачылыктын лабораториясы катары кызмат кылган блокнотту салам. Кээде бутербродду жана шарапты. Менин маршрутум ошол эле, Париждеги бардык жылдарымдай (1985-жылдагы алты айды кошпогондо) мен оң жээктеги үчүнчү аррондисманда, тактап айтканда, Мареде жашадым. Ал жерде менин үч дарегим бар болчу: 54, Rue des Archives, Rue des Ecouffes (номуру эсимде жок) жана 86, Rue de Turenne. Үч турак жайдан тең Сенага чейин беш-жети мүнөт эле. Бул түшүнүктүү: «aэ» эски француз тилинде «саз» дегенди билдирет. Экинчи миң жылдыктын башында Нотр-Дамдын каршысындагы оң жээктин ордунда чоң саз болгон. Мен, адатта, Сенада адегенде Луи Филипптин көпүрөсү менен өтчүмүн, андан кийин (ар дайым Бодлердин үйүн карап) Сен-Луи кууш аралын кесип өтүп, аркы өйүздөгү аралды тегерете аккан Сенанын башка бутагына чыгар элем. Ал жерде Сен-Луи менен Ситэ аралын байланыштырган чакан көпүрөнүн бир аз сол жагындагы жапыз, таш төшөлгөн жээкке түшүп, ошол жерге жайгашчумун. Париж баррикадаларына материал болуп кызмат кылган ушул таштар. Бул сасыган таштардын үстүндө менин жакшы көргөн жерим бар — кайык байлоочу дат баскан шакекчелердин биринин жанында. Ошол жерге төшөнчүмдү жайып салып, зайтун түстөгү зыгыр буласынан токулган солдаттык шымды чечээр элем. (Хабэ, мен муну Калифорниядан бир нече жуп өлчөмүндө алып келгем, аскердик second-hand.) Шымды, ботинкени жана майканы башыма жазданып, терим кызарганча жатам. Ушул таш төшөлгөн пляжга үзгүлтүксүз келип жүргөндөр акырындык менен келе баштайт. Баарыбыз бири-бирибизди таанып, учурашып, бирок өзгөчө жакындабаганга аракет кылабыз. Түз алдыда Нотр-Дам-де-Пари соборунун арткы тарабы. Артынан тепкисине конгон космостук кемедей көрүнөт. Собордун бир бөлүгүн чырмоок тору каптаган. Ушул жерден Сена дагы бир жолу экиге бөлүнүп, бизге жакын бутагында кум, көмүр жана отун ташыган, үнү кырылдаган баржалар Конкорд аянтын көздөй Александр IIIнүн көпүрөсүнө, Трокадеро жана Эйфель мунарасы тарапка сүзүп жөнөшөт. Алыскы бутагы менен андан ары ушуга окшогон эле баржалар карама-каршы тарапка, Ботаникалык бакчадан жана Аустерлиц вокзалынан ары багыт алышат. Сенанын жээгине жылуу күндөр келери менен дароо ушундай жапайы пляждар жайнап баштайт. Айрыкча борбордук бөлүгүндө, Луврдун, Тюильри бакчасынын жанындагы аралдарда. Шаардын бардык шалапайлары Түбөлүк дарыянын жээгине чыгышат. Биринчи миң жылдыктын аягында — экинчи миң жылдыктын башында Сена суусу нормандык жоокерлердин кемелерин көргөн. Немистер да Парижге кол салып турушкан. Бирок, алардын саны, албетте, бизден аз болгон.
Мен Сенада жүздөгөн жомоктогудай сонун, закым сыяктуу бактылуу күндөрдү өткөрдүм. Терим күн тийгенден жана шаардын булганч абасынан ачыша баштады. Америкалыктар айткандай, шарап анча-мынча маңыроо — «groggy» абалда кармоого жардам берет. Париждин кыздары үстү ачык, topless менен аппак эмчектерин тирсийтип жанаша жатышты, жогору жактан парапеттен жана көпүрөдөн өнүкпөгөн улуттардын өкүлдөрү, тармал чачтуу арабдар тигиле карашат. Бирок чындыгында өнүкпөгөн деп айталбайм, Алла кечирсин, мыскылдай айтканда, алардын маданиятында кыздар эмчектерин көрсөтүп шаардын борборунда жатышканы салт эмес. Кээде, бир жакка баратып, менин аялым Наташа пайда болот. Ал жанымда бир саатча отурса болмок, бирок ачуусу келип, бул жерде менин эс алуум ылайыксыз деп айтат. Көп учурларда сүрөтчү Уильям Бруи мага — дербишке, же Луи Арагондун атактуу романынын аталышындай, өзүмдү өзүм атагандай «Paysan de Paris», башкача айтканда, Париждин дыйканына, тез-тез жолугуп турчу. Ошол жылдары ал жакын жерде жашачу, Ыйык Луи аралынан кууш камера-батир алган. Бир нече ирет бу жерде, автомобилдердин түтүнү, туристтердин кобур-собуру коштогон, арабдардын жана topless girlsдин көз кыйыгынан кур калбачу Нотр-Дамдын алдында отуруш уюштурганбыз. Мен, Наташа, Вилли Бруи, Тьери Мариньяк жана дагы башкалар, ал кезде андайлар абдан арбын эле. Ошондуктан Сенадагы ал жер менин штаб-квартирам болуп калган. Сенанын суусуна түшүүгө эч ким дааган жок. Болгону бирин-экини эсимде. Күн куйкалап турганда бир нече ирет тизеге чейин кечип киргеним бар. Жээктен сууга түшө турган таш такта тепкичтери мыкты: эгер, кокус, толкун менен алышып алдан тайган бирөө-жарым болсо кайсы жерден чыгам деп камсанабастан, дароо эле ыңгайлуу шоссе жолго салат.
Парижде жашаган жылдарым өмүрүмдүн бактылуу кезеңдеринен экени күмөнсүз. Сенанын суусуна чайкаган менин тиземе чейинки терим эч нерсе болгон жок. Демек, анын суусу анчалык деле кооптуу эмес.
80-жылдары Жерар Гасто менен Лотрек тарткан жакшы бир сүрөт бар: мен Нотр-Дам-де-Паринин шыбында турам, андан ары көпүрөлөр астындагы Сена Эйфел мунарасына чейин керилип жатат. Дагы бир сүрөттө мен советтик аскер шинели менен Сен-Луи аралында караңгыда отурам, фотоаппараттын жарыгы аяктан мени сууруп алган. Парижде мен кайда барбайын Сенага кезикчүмүн. Мен 80-жылдардын акырында «Шарл Бодлердин «Жамандыктын түсүнө» Сена дарыясынын тийгизген таасири» аттуу эмгек жазайын деп ойлогом, бирок чолоом тийбегени өкүнүчтүү.
Ал шаардын аба-ырайын башкарат. Анда чардактар бар. Париждин бардык каттамдары Сенаны камтыйт. Мен бул шаарда көп иштедим: он роман, алты аңгемелер жыйнагын жаздым, мага кичине сергип алып туруш керек эле. Түшкү тамактан кийин дайрага, көбүнесе Луи-Филипп көпүрөсүнө чыкчумун да, жээкти бойлоп кете берчүмүн. Менин сейилим же Конкорд аянтынан, же Александр IIIнүн көпүрөсүнөн аяктачу, болбосо Елисей талаасына чыгып, Триумфалдык аркага чейин басчумун. Ал сапарым он эки чакырымдан алысты түзчү. Кышкысын, адатта, тизеге жеткен америкалык кызыл өтүгүмдү, жакасы жок бозомтук кытай курткасын кийчүмүн. Ал эми башыма эмне кийчү элем, кудай-акы, эсимде жок.
Бат-баттан басып келатып ойго батчумун. Луи-Филипп көпүрөсүнөн тез эле Париж мэриясына, Hotel de Villeге жетип келер элем. Мэриянын имараты, ырасында, Париж коммунасында атылып талкаланган эскисинин ордуна 1871-жылы курулган жаңысы болчу. Бирок дарыяга чыгуучу мэриянын жылмакай такталары жазалоолордун жана кыйноолордун далай азап-тозокторун баштан кечирген Грев аянтын жаап жатчу. Амалкөй азыркы аткаминерлер Париждин картасынан Greveни алып салышкан, ал жер азыр Place de l’Hotel de Ville аталат. Greve деген аталыш азыр көтөрүлүш дегенди билдирет. Тээ илгери-илгери, жаза жайы болуп калганга чейин Сенанын бул тик жээги en Greve кырдаалына кептелген жумушсуздар чогула турган жер болуптур. Тактап айтканда, качандыр бир кездерде бул аянт Жумушсуздар аянты деп аталган. Сена (андан ар убак: жайкысын — үйдүн нымдуу жылымтыгы, кышкысын — сөөккө өткөн ным менен сууктун илеби келип турат) андан ары «Самаритэн» дүкөндөрүн бойлой Понт-Нефке жана Искусство көпүрөсүнө карай кетет. Сенанын башынан-аягына дейре каштандар тигилген. Эгер жаз болсо — гүлдөрдүн жыты аңкыйт, а эгер күз болсо — тротуарда сан жеткис жашыл кабыктар же килейген кочкул-күрөң жемиштер жаткан болот. Оң тарапта каралжын-бозомук, болгону анча бийик эмес үч кабаттан турган казармалык Лувр созулат. Ал бүткөн жерден Тюильри бакчасынын тосмолору башталат. Анын каршысында, Сенада якорго бекитилген турак баржалары топтолгон. Анда байлар жашашат. Жайкысын өздөрүнүн палубаларындагы чалкалама үстөлдө, гүл челектеринин ортосунда бокал кармап отурушкан анын жашоочуларын көрөсүң. Сенаны бойлой түбөлүк басса да болот. 150 жыл бассаң да тажабайсың. Парижде калып кеткен менин күндөлүктөрүмдүн (миң барактуу) бир жеринде, балким, ошол он төрт жылдык узундуктагы сейилдерим тууралуу жазгандарым болушу мүмкүн.
Кадамыңды бир калыпта таштап келе бересиң. Жалгыз. Дайра жана байыркы таштар менен жекеме-жеке. Көпөстөрдүн «Самаритэн» дүкөндөрү бүтүп, Луврдун алдындагы имараттардын ажырымы турган жерден Варфоломеев түнүндө гугенотторду сабап-жанчууга белги берилген чиркөө көрүнөт. Сенадан жүз кадам алыста. Сена анын бардыгын уккан. Вольтер дөңчө жээги менен AIDS менен оорулуу Рудольф Нуриев өзүнүн акыркы айлары менен күндөрүндө жалгызсырай ары-бери басып жүрчү.
Волга
Адамдар тынымсыз өлүп турушат. Жашы да, карысы да. Мен Кимры шаарындагы аябагандай чыр жана суукуйду бир жигитти билем. Аны «Вася» деп чакырышчу. Бир ирет мен китепканада чыгып сүйлөш үчүн Дубна шаарына барып калдым. Аным жапайы ээнбаштыкка айланып кетти. Тагыраагы, аякка биз жакшы эле жеттик, ошентип мен окурмандар менен талапка ылайык кезигиштим. А кайра келатканда «Вася» менин көзүмчө эч айыбы жок кайсы бир офицерди шапкесин ыргыта чаап, катуу тепкилеп таштады. Бирок, кеп мында эмес. «Вася» бир жолу аны сүйлөшүүгө чакырышканда үйүнөн турсичен чыгат. Ошентип ал кайра кайрылбайт. Ал кичинекей болчу, балким, ошондон улам ушундай жинди болсо керек.
Кимрыда менен бир топ жолу болгом. Анткени аякта биздин партиянын негиздөөчүсү Тарас Адамович Рабконун ата-энелери жашачу. Бул тарыхый киши мени «Лимонка» гезитин негиздөөгө түрткөн. А ага чейин ал Улуттук-большевиктик партияны каттаткан. Акыркы жылдары ал бизден акырындап алыстай баштады. Эсимде, ага, Кимрыга Лиза менен баргам. Менимче, ал 1996-жылдын жай мезгили болуш керек, анткени 1997-жылы мен негизинен Орто Азияда саякаттап, андан соң Мамдумага депутаттык шайлоого катталып, Чечня менен чектеш Ставропольеде күнгө куйкаланып жүргөм. Демек, 1996-жылы.
Тарас менен Лиза окшош. Агасы менен карындашы сыяктуу. Экөөнүн тең көзү көк, шашлыктын шишиндей болуп экөө тең арык, чап жаак, акжуумалынан. 90-жылдардын ортосунда Тараска кимдир бирөө анын украиндик фамилиясы Рабин жана Рабинович деген уңгудан тарайт, ошентип ал раввин адистигине барып такалат деп коюптур. Аны мага үрөйү уча Тарастын өзү айтып келген. Ошентип Тарас менен Лиза Израилдердин бир тукумунан болуп калып атпайбы. Лиза Кимрынын Чапаев көчөсүндө диванда отурганда мен Тарастын апасына: «Караңызчы, алар кандай опокшош, тимеле байкеси менен карындашы» деп койдум. Тарастын энеси тигиле карап, Лизаны жактырып калды. Лизанын ал сүйүүнү пайдалана албай калгандыгы башка кеп, 1998-жылдын мартына чейин чейин «Лимонканын» калыбын жасап жүргөнү менен, ал менин жанымда узакка болбоду. Лиза менин апама дагы, дегеле, бүт баарына жакчу. Москвада менин апам аны «чымчыгым» деп эркелетчү. Бирок ал канаттуу динозаврдын азуулары бар чымчык эле, муну ак көңүл биздин апаларыбыз кайдан билишсин?! Муну мен кичине апыртып айтып койдум, ошондой болсо да, ох, Лиза, — аны жана анын турмуштук мотивдерин айтып болбойт. Жок, ал өзү ойлогондой, жалгыз жана эркин эмес болчу. Ал болгону бир гана эркектен эмес, көптөргө, бардыгына көз каранды болгусу келчү. Биз чогуу жашап баштагандан жарым жыл өтпөй мен анын жөргөмүш өзүнүн желеси менен маал-маал баягы эски уңкул-чуңкулун аңтарып, соруп түгөтүлгөн өлүк чымындарды жыттагылап жүргөнсүп эски ымалаларын үзбөй жүргөндүгүн билдим. Атургай, ал эски ойношторуна да барып жүрүптүр.
Дегиңкиси, мунун эмнеси күнөө? Ал ушундай болчу... Айтмакчы, бир күнөө бар — жалындуу махабатка каршы. Анткени ысык махабат төгүлүп-чачылып турууну жактырат, ал капталдан качырган Өлүк махабаттын атаандаштыгын көтөрө албайт.
Мен аны адегенде эстет маньеристтик статуяны сүйгөндөй сүйчүмүн. Андан кийин аны сойку катары сүйдүм. Ушул эки кайырмак мени кармап калууга жетишерлик болчу. Ал шыңга бойлуу (анын сүрөтчү атасы эки метрлик ышталган аркандай эле), ичке, жамбашы баланыкындай, буттары узун, чаты кууш, кош алмасы уучка батпас коон сымал. Анын өң-келбети еврей-айымдыкындай, а турпаты француз-селкиникиндей, кыскасы, чет элдиктердикиндей. Ал турган турпаты менен sophisticated look* эле. Ошондой болсо да ал бир дагы чет тилин билчү эмес, көз карашы күнүмдүк турмуш менен гана чектелип, эже-сиңдилери, атасы, апасы, жээни, жездеси Никита жана көптөгөн эски-жаңы ойношторунун, достору менен жакындарынын гана жашоосуна кызыкчу.
Мени менен жашаган алгачкы айларда ал эрип кетти: узакка жоош, эринчээк, тилалчаак жана бактылуу бала болуп калды. Анан кайра ажаанга айланды. Ал бала кезинде мени менен бир нече саат бою жерде отуруп, Эдит Пиафты жана менин котормо ырларымды угуп, шарап ичип, бакыт толгон көздөрү менен карачу. Бирок мен аны мындай абалда көпкө кармай албадым. Ал мени анттирбей койду. Ал каяккадыр ашыгып жатты. Анан тез-тезден шашыла баштады. Бирок мага болгон назик сезимдер аны жеңип чыккан учурлар да кездешчү. Балким, башка бирөөнүн ырайымсыздыгынан улам кетенчиктеп артка тартчудур.
Ушундай учурлардын биринде биз Кимры шаарына бардык. Савеловская станциясында электропоездге түртүшүп атып араң илиндик. Биз ата-энелердин аш-даамдуу кең батириндеги жыты аңкыган дасторкондо үй-бүлөлүк кечки тамакка отурдук. Мен Адам ата менен арак ичкем. Тарастын бандит болуп чоңойгон бала кездеги ээнбаш достору менен биз кимрынын кир жолдору аркылуу машинабызды чымылдата кубалап жүрдүк. Элеттик шаарларда ар дайым эле түшүнүксүз негизде боло келгендей, биз базарга барып чочко этин сатып алдык да, тайманбас бандит болуп чыккан кайсы бир ээнбаштын ышталган кепесинде маринаддадык. Токой жолу менен ылайлуу Волганын жээгине бардык. Жаан жаай баштады. Мен балдар менен Волганын кир суусуна түштүм. Жаныбыздан уңулдап чоң баржалар сүзүп өтүп жатты. Жынсычан Лиза айым жаш бандиттердин биринин күрмөсүн жамынып, тамекини биринин артынан экинчисин тартып жатты. Киринген жок. Ысык шашлык жедик.
Күн бүркөк, суук жана жаан болчу. Арак арачалап калып атты. Менин бир кемтигим — оң балтырымын арт жагында кара тактар бар эле. Ошондуктан мен сүйүктүү аялдарга бетмаңдай турганды туура көрчүмүн. Мен ошол жылдары Владивостоктон Гибралтарга чейин табылбай турган эң кызык адамдардын бири болчумун деп ойлойм. (Башка bad boys: Аркан, Караджич, Денар, Жириновский, Худойбердыевдер менен тааныш элем.) Ошентип мен калып калдым. Ал өзүнүн алдамчы аракеттеринин жана ары-бери алмаштырууларынын натыйжасында азыр ошол тилалчаак жана өңү серт эркектана менен турат (тагыраагын айтканда, анын батиринде жашап жатат). Ушундай кызык. Ал анын оозун карап, артынан ээрчийт. Мен аны китеп окубайсың, жаңылыктарды көрбөйсүң деп урушчумун. Кийинчерээк таанышы аны кантип жазгырып алганын айтып берген. Ал боюн койкойтуп турду да: «Кел, мени өп. Ал кантип жасаларын билесиңби?» деди.
Анда өзү түшүнгөндөн да көп нерсе бар болчу. Ал өзүнүн маньеристтик, сейрек кездешүүчү бузуку мышык жана тирукмуш сойку сыяктуу жашоодогу планкасын абдан бийик коё алчу, бул — жогорку коомдон чыккан чет элдик айымдын айбаттуу таамай жаасы. Ал «Никита» тасмасынын, бирок одоно немис сериалында эмес, оригиналдуу версиясы болуп саналган француз тасмасындагы каарманына окшош эле. Эми ал ушу жылы жыйырма тогузга толот. Эгемендүүлүгүңдү жоготуп алуудан коркчу белең? Эх, Лизка! Тобокелге барбаган адам шампан ичпейт.
А Волга болсо борпоң суу-жеңенин болук-толук тулкусу менен ары-бери чабалактап, өзүнүн ылай-тополуу төшөгүндө туйлап жатат. Волга бүткүл Россия боюнча туйлап жатат. Волга жеңе Россия жеңенин койнунда, жеңе жеңенин үстүндө туйлап жатат. Карагай отундар күйөт. Лиза айымдын алдында жаш бандиттер рыцарлардай ойсоктошот. Баржалар болочокко жана өткөнгө карай өтүшөт. А, ырасында, бир орунда катып турушат. Жамгыр киргилтим сууну чаба урууда. Волганын бир жээгинде Савелово, аркысында — Кимры жайгашкан. Тарастын айтуусу боюнча, тээ илгертен бери карай кимрылыктардын ордосу менен савеловдуктардын ордосу бири-бири менен чабышып келишкен. Ошентип алардын ортосунда Волга агып турган. Аркы жээкте бир нече жылаңач устундар менен Лиза айымдын тамекисинин калдыктары калды, ал болсо чырпыктардын артына заара ушатууга узаган, бирок жамгыр анын мышык сийдигин дароо жууп кетти.
* Sophisticated look (англ.) — назик көрүнүш.



