Михаил Тарковский
Тарковский Михаил Александрович (1958-ж. т.) — жазуучу, акын, эссечи. «Ясная Поляна» (2010), Патриархалдык адабий (2012) жана башка сыйлыктардын лауреаты.
Москва шаарында туулган. Ал акын Арсений Тарковскийдин небереси. 1981-жылы В. И. Ленин ат. ММПИни аяктап, география жана биология боюнча адистикке ээ болгон. Беш жыл Енисей биостанциясында иштеген. Ал жерден алган тажрыйбасы «Меникин бер» (2003) повестинде чагылдырылган. Көп жылдардан бери Красноярск крайындагы ошол эле Туруханск районундагы Бахта кыштагында жашап, аңчылык менен алектенет. «Енисей» крайлык адабий альманахынын башкы редактору.
1991-жылы Тарковскийдин биринчи китеби — ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. Анын аңгемелери, повесттери жана очерктери бир катар адабий журналдарда жарыяланган. «Бакытка чейинки беш жыл», «Тоңдурулган убакыт», «Тойота-кресттер», «Енисей, коё бер!», «Үкүнүн учушу» ж. б. китептердин автору.
Сынчылардын пикири боюнча, Тарковскийди «жаңы муундагы традиционалисттерге», же «неореалисттерге» (Олег Павлов, Алексей Варламов ж. б. менен бирге) жана жаңы «элеттиктерге» кошууга болот. Анын назик жана руху мелт-калт «токой прозасы» жашоонун маңызы, орус тарыхы, адамдын, табияттын жана мезгилдин өз ара мамилелери тууралуу маселени көтөрөт.