Василий Белов

Белов Василий Иванович (1932—2012) — жазуучу, публицист. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1981), РФ Мамлекеттик сыйлыгынын (2003) жана башка көптөгөн сыйлыктардын лауреаты.
Вологодск облусундагы Харовский районунун Тимониха кыштагында туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин столяр, моторист, электромонтер болуп иштеген. Заводдо, андан соң райондук газетада эмгектенет. А. М. Горький ат. адабият институтун аяктаган. Вологда шаарында жашаган.
«Элет прозасынын» лидерлеринин жана идеологдорунун бири, орус Түндүгүнүн изилдө­өчүсү жана элет турмушун мыкты билген жазуучу. «Көндүм иш» жана «Плотницк аңгемелери» повесттери аны дароо атак-даңкка жеткирген. Ошондой эле анын: «Лад. Элдик эстетика тууралуу очерктер» жана «Орус Түндүгүнүн күнүмдүк турмушу» аттуу изилдөөлөрү окурмандар тарабынан жогору бааланган. «Арапалар», «Улуу бурулуш жылы» жана «Алтынчы саат» романдарында XX кылымдагы орус дыйкандарынын кайгылуу тагдыры тууралуу сөз жүрөт. Орус тилин коргоп, анын элдик нукуралыкка кайтышын жактаган.