Сергей Бирюков

1950-жылы Торбеевка кыштагында (Тамбов облусу) төрөлгөн. Тамбов педагогикалык инс­титутунун филология факультетин бүтүргөн. Ушул университетте сабак берип, адабий студиясын жетектеген. Филология илимдеринин кандидаты, маданият таануу илимдери боюнча доктор. Зауми Эл аралык Академиясынын түзүүчүсү, тарыхчы, поэтикалык авангарддын жана орус ырынын салтуу эмес түрлөрүнүн, ошондой эле «визуалдуу» жана «сонордук» поэзиянын теоретиги, XVII—XXI кылымдардагы орус поэзиясынын изилдөөчүсү. Орусияда, Германияда, Испанияда, АКШда жарык көргөн жыйырмадан ашык ыр китептин автору. Алардын ичинен эң көрүнүктүүлөрү: «Оюктагы адам» (2010), «Динозавр чабыты» (2011), «Үн-ажар» (2013), «Универсум» (2022). Булардан башка да үч теоретикалык китептин автору. Ырлары англис, армян, белорус, болгар, итальян, кытай, немис, поляк, румын, француз, жапон сыяктуу көптөгөн тилдерге которулган. «Зауми Академиясы альманахынын» башкы редактору. «Другое полушарие» аттуу адабий көркөмдүүлүк авангарды боюнча чыгарылган журналдын биргелешкен редактору. А. Е. Кручёных атындагы Бүткүл Орусиялык жана эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты. Ф. И. Тютчев атындагы Бүткүл Орусиялык сыйлыктын жана башка конкурстардын жеңүүчүсү. Сергей Бирюков орус элинин футуризминин атасы болуп саналган Давид Бурлюк атындагы эл аралык сыйлыкты түптөгөн. Көптөгөн орусиялык жана эл аралык фестивалдардын катышуучусу. Халл калаасында (Германия) жашайт, ушул эле шаардагы окуу жайда сабак берет.
Акын жана сынчы Денис Безносов Бирюковдун поэтикалык өзгөчөлүктөрүн төмөн­дө­гүдөй мүнөздөйт: «Бирюковдук поэзиянын мейкиндиги ушундай — биз эч качан тигил же бул сөздүн ырдагы маанисин, анын кандайдыр түшүндүрүүчү милдеттерден бошотулганын же кийинки саптарга маани берүү үчүн калтырылганын алдын ала билбейбиз. Ырларын окуп жатып өзүбүздү ар бир бурулушу табышмак катып турган, күмөндөнүү жараткан, олуттуулукту талап кылган лабиринтте жүргөндөй сезебиз».