О, учкаяк февраль...

* * *

О, учкаяк февраль
Январдан түз эле
Мартка куладың,
Бактарга, адамдарга...
жааган кар
сыяктандың.
О, февраль,
Жердин чыгын сактаган,
Чуркоону ылдамдаткан,
Кар жаадырган.