Түштүн уланышы

Мүмкүн эмес унутулбашы
ошентсе да үзүм-үзүм боло
эстелет түштөрдүн уландысы
кандайдыр белгисиз жай экен
окшойт мектептин классы
көрдүм коюлган туш келди
баштыктарды, сумкаларды
бир нече тааныш өңдөр
бирок көп дааналанбады
Өзүңбү, окшошуңбу же сенин
белгисиздиктен келгениңди
белгисиздикке кетериңди
болжоп дагы билбедим
Айтор толук түшүнбөстүк
аңдабоо даана сезгеним
сүйлөшүү, чогу тамекинин
чырт этип чагылышы ширеңкенин
артка карай аткарылышы аракеттин...
берилбеген суроолорго жооп бересиң
кайдигер карап жаңылыктарга
мурунуңду жанып кайра,
сөз айткансып жарым гана
түшүнүксүз күңкүлдөйсүң,
аңгыраган боштуктагы
түш уланат бүдөмүктө,
акыл-эс кулап түпсүздүккө.