Скифтер
Эрксизден кылчая карайсың да,
Крымдын аркыраган шамалына
туурулган, уйкулуу Алтайдын
каарылган суук аязына
скифтик жүздөрдү байкайсың,
«Охо-хо!» — таңгаласың.
Байкай бер эми сен
укмуштай бир тездик менен
шайтан араба дөңгөлөгүндө
жылдын зымырап өтүшүнө
күздүн күзгүсү аркылуу,
жайдын көлөкөсү аркылуу,
кыштын күрткүсү аркылуу,
зымырай өтүп жатканын
көз ачып кара, байкагын.
Кандай баш айланткан тездик менен
көнүп жатат абалга боюң-денең —
дапдаяр секиргенге,
чимирилип кеткенге,
оңкобаш атып өткөнгө.
Мезгил жай-тез агууда,
доорлор алмашууда
жолунан жууп баарын,
кайра өстүрсө шаарларын,
жер бетине жайнатышса
укмуштай курулуштарын,
өзгөртсө жер картасын
бир заматта, таң каласың.
Биринчи жакын келгениңде,
тааныбайсың түпкү энеңди —
алмаздык бектиктеги
чыныгы таш балбалды —
чындап көзүн жаштаганды
Велимир мүрзөсүнөн...
Крымдын аркыраган шамалына
туурулган, уйкулуу Алтайдын
каарылган суук аязына
скифтик жүздөрдү байкайсың,
«Охо-хо!» — таңгаласың.
Байкай бер эми сен
укмуштай бир тездик менен
шайтан араба дөңгөлөгүндө
жылдын зымырап өтүшүнө
күздүн күзгүсү аркылуу,
жайдын көлөкөсү аркылуу,
кыштын күрткүсү аркылуу,
зымырай өтүп жатканын
көз ачып кара, байкагын.
Кандай баш айланткан тездик менен
көнүп жатат абалга боюң-денең —
дапдаяр секиргенге,
чимирилип кеткенге,
оңкобаш атып өткөнгө.
Мезгил жай-тез агууда,
доорлор алмашууда
жолунан жууп баарын,
кайра өстүрсө шаарларын,
жер бетине жайнатышса
укмуштай курулуштарын,
өзгөртсө жер картасын
бир заматта, таң каласың.
Биринчи жакын келгениңде,
тааныбайсың түпкү энеңди —
алмаздык бектиктеги
чыныгы таш балбалды —
чындап көзүн жаштаганды
Велимир мүрзөсүнөн...





