Петрарка менен Лаура тууралуу жаңы маалымат

Лаура Петраркага интернеттен
Times New Roman жазмасы менен
кат жөнөткөн

бирок кат жоголуп кетти

Петрарка сонет жазды Лаурага
манжаларын жүгүртүп клавиатурага

сонет бирок жоголуп кетти жетпей ага

Лауранын көйнөгүнө тамгалар
жалбырактай жаап жатты

Экөө ушунчалык жакын
Ушул ирмемде
Кыйшайса эле жетет бири-бирине
оң чыпалак сол чыпалакка
кол көтөрбөй такалат да