Сырдуу ышкы

(романдан үзүндү)

Ноябрь, 1968-ж

Карузо

     «Каргашалуу» ошол жылдын ноябрь айында Кукуш менен Ваксон Ростов-на-Донуда болуп калышты. Алар кечке жуук борбордук бульварды аралап жүрүштү. Бай буржуйлардан аз да болсо аянычтуу көрүнгөн архитектуралар калыптыр. Мына, толкундуу сызыктары калган, албетте, ал илгерки модерн. Конструктивизмдин комсомолдук утопиясынан дагы эки-үч эстелик калгандай; мисалга айтсак, алар токтогон, капталынан караганда ун элеваторуна окшоп кеткен жашыл түстөгү мейманкана.

     Сейилдеп жүрүшүп, борбордон келген коноктор борборго салыштырмалуу анчалык деле айырмачылыкты байкашкан жок. Баягыдай эле бул убакытка карата азык-түлүк гастрономдорунда чубалжыган кезек күтүүлөр. Элдер кафе-ресторандарга чыккандардын санына жараша кирип жатышат. Ошентсе да башкалардан эмнегедир айырмаланып турган, «Коктейль» деген жазуусу бар бир мекеме жазуучуларды токтоого аргасыз кылды. Бул кайда болсо да өзгөрүлбөгөн «Коктейлдер» дайыма советтик жаштарды тартып турчу. Бул жерде да ошондой экен. Келгендер, жандарындагы акча-тыйындарын санап, кенен ачылган эшикке сыгылып киришип, андан ары ичкеридеги элдерге ишенимдүү аралашып кетишти. Элдин ары жагынан көрүнүп тургандай, мрамор текчелерде азгырыктуу суусундуктар аралаш коюлган.

     Ал жактан аялдын ороңдогон үнү келип жатты: «Жигиттер, бокалдарды кайрып бергиле! Уятыңар барбы? Эми эмнеге куям!».

Ал эми клёш шым кийген бул жигиттер текчеден бери эки-үч метр аралыктан кыйкырышып, өздөрүнүн тапшырыктарын айтып жатышты: «Бир „Карузо»!», Эки „Карузо»!», Үч „Карузо»!».

     Дубалдагы Брежнев менен Подгорныйдын портреттеринин алдында «Суусундуктардын прейскуранттары» илинген. Андагы ар кандай «Түштүктүкү», «Крымдыкы» сыяктуулардын арасынан (орточо күчтүү суусундук) деген түшүндүрмөсү бар мына ушул «Карузо» бөлүнүп турат. Кандайдыр бир маанилүү себептер менен жаштардын көңүлү ушул суусундукка бурулган.

     — Кукуш, көрүп турасыңбы, бул жерде жашоо кайнап жаткандай: баары эле «карузо» болуп кетиптир! — деди ойлоно түшкөн Ваксон.

     — Бул аларга, балким, фейервектер менен коштолгон айланама дөңгөлөктөй сезилип жатса керек, жагымдуу дагы угулат экен, — деп коштоду Кукуш.

     — Убактысы келгенде, мындагы менюга Кукуш деле кирип калчудай, — деп койду Ваксон. — Элестетип көрчү, кантип заказ берип жатышканын: бир «Кукуш», эки «Кукуш», үч «Кукуш!»

     Кудум лермонтовдукундай ичке мурутчан, бийик маңдайлуу, бирок дайыма муңдуу көрүнгөн, муңдуулугу шайырлыгына айкалышкан сүй­күм­дүү Кукуш күлүп жиберди:

     — А бирок «Ваксон» коктейли эч качан болбойт, аны бөркүмдөй эле көрөм, аны күтпөй эле кой!

     Алар бул жакка жергиликтүү университеттин чакырыгы менен келишкен. Биргелешкен кече өткөрүшөт: Ваксон окуйт, Кукуш ырдайт. Жоон топ студенттер аларды вокзалдан тосуп алышкан. Ошол эле жерден кошумча чакырыктарды беришкен — бүгүн кечинде Ленин комсомолунун 50 жылдыгынын урматына шаарда белгилене турган майрамда чыгып сүйлөшмөк. Ваксон каршы болоюн дегенде Кукуш кулагына шыбыраган:

     — Чунак, макул дей бер, комсомол деген бул — биздин альтернативдүү партиябыз эмеспи.

     Бул жерде белгилей кетсек, ал учурда жазуучулар чыгып сүйлөш­көндүктөрү үчүн «Көркөм адабиятты пропагандалоо бюросунан» 14 сом элүү тыйын алышчу: соодолашчу мезгил эмес эле.

     Аларды Спорт сарайына алып келишти. Он миң орундуу зал толуптур. Сценада комсомолдун тарыхы боюнча театралдашкан концерт жүрүп жатыптыр. Дон күлүктөрүнө минген Биринчи атчандар армиясы кадимки эле тачанка менен өтүп, анын урматына хор жаңырды:

     — Эх, тачанка-ростовчановка, биздин сыймыгыбыз, сулуубуз, пулеметтук тачанка, төрт дөңгөлөк тачанка...

     ДнепроГЭСтин курулушчулары таш жаргыч балкалары менен сахнадан өтүшсө, Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери Рейхстагка туу сайышты. Атайын тепкичтерден скафандр кийген космонавттар орбитадан түшүп келишти. Кызыл туулар желбиреди. Сурнайлар жаңырды. Анан баары тынчып, сцена тазаланды. Кукуш Ваксонго шыбырады: «Акыркы жеңиштер тууралуу унчугушпайт го».

     Бир аз тынымдан кийин алып баруучу жарыялап калды: «Бизди эң сонун майрамыбыз менен куттуктоо үчүн москвалык акын-жазуучулар Октава жана жазу­учу Ваксон келди».

     Дүңгүрөгөн кол чабуулар менен эки дос сценага көтөрүлдү: экөө тең майрамга коошпогон жөнөкөй кийимчен, галстуктары жок, бир гана (Кукуш) кайыш курткачан, экинчиси (Вакс) бырышкан чий баркыт костюм кийген. Биринчи катарды бүтүн ээлеп отурушкан «шаардын аталары» түшүнбөгөндөй бири-бирин суроолуу карап калышты. Куттуктоо сөз Кукушка берилди.

     Кыскача сөзүндө бул москвалык жолдош интеллигенттин ролунда калды, башкача айтканда коомдун негизги таптары жөнүндө ооз ачкан жок, болгону эле катмарларын сыйпалап өттү. Анын сөзү залдагылардын кызыгуусун жоготуп, кандайдыр бир башаламанга түшүргөндөй болду. Биринчи катар жөн гана уйку-соого чөмүлгөнсүдү. Орто ченинде шыбыр-күбүр күчөдү. Ваксон, микрофонго чыга келип, Кукуштун сөзүн улантты, атүгүл андан ары тереңдетип жиберди окшойт. «Бизге азыр, — деди ал, — бир гана күчтү эмес, интеллектибизди да күчөтүшүбүз керек. Болбосо диназаврга окшоп калабыз. Биздин Жердин лидери ролундагы алдыңкы муундарыбыздын өнүгүүсү туңгуюкка такалды, алардын бир гана булчуңдары өлчөөсүз өсүп жаткандай көрүнгөнү менен, ошол эле учурда мээбиз кошо өспөй кичине бойдон калууда».

     Мындай этиятсыз билдирүүгө зал ызы-чуу менен жооп берип, биринчи катардын орто ченинде элдер суюла түштү. Эртең менен мейманканага көздөрүн алайткан университеттин жаңы искусство энтузиасттары кирип келишти. «Кукуш, Ваксон экөөңөр этият болгула. Жетекчилерде москвалык жазуучулар өздөрүн салабаттуу алып жүрүшпөй, жаштарды, алардын эң сонун майрамын бузушту деген пикирлер пайда болду. Ал аз келгенсип, биринчи катчы тарабынан университетке мындай адепсиз жолдошторго татыктуу каршы туруу сунушу берилгени белгилүү болду», — дешти алар.

     Университетте шаардын четине Ыктыярдуулардын армиясы жакындап калгандан бетер, чочулаган ызы-чуу өкүм сүрүп турган. Амфитеатр толгон, алма түшөөр жер жок. Москвалык коноктор бир гана адабият темасында сүйлөп жатышты. Бир нече филологиялык суроолор берилди. Аңгыча кимдир бирөө Кукуштан «жаңы бир нерсе» ырдап берүүнү сурап калды.

     Бард, адаттагысындай, дароо эле ырдап жибербей, кербезденди. «Мен азыр дээрлик ырдабай калгам, гитарам да жок» дегендей шылтоолорун айта салды. Аңгыча студенттер тарабынан даярдалган гитара анын алдына коюлду. Ал «Моцартты», «Франсуа Вийонанын чокунуусун», «Кол кармашалы досторду» ырдады. Залда, окуп жаткан жаштардын арасында көздөрү жалжылдаган сулуу кыздар көп эле. Күтүүсүз жерден катардагыларды аралап пол жуугуч басып жүргөнсүгөн үн чыгып, катардын аягындагы мугалимдердин курамынан албеттүү казак көтөрүлдү. Ал суроону кабыргасынан койду.

     — Кана, айткылачы москвалык жазуучулар, Чехославакияга аскер киргизилишине кандай карайсыңар?

     Залда кайрадан кечээки күнкүдөй ростовдуктардын феномени — ызы-чуу көтөрүлдү.

     Ректор атып туруп, тынчтангыла дегендей колун жаңсай баштады. Академиялык суроого мынчалык реакция жасоонун кереги жок дегендей болду. Зал тынчыды, ушул тынчтыкта Кукуш өзүнүн жообун айтты:

     — Жеке өзүм Чехославакияга аскер киргизүүнү саясий катачылык деп эсептейм.

     Бул жооптон кийин жөн гана ызы-чуу эмес, жер титиреп кеткендей болду. Амфитеатрдын ар кайсы жагынан «Уятсыз» деген сөздөр жаады. Бул сөздүн Кукуш менен Октавага же советтик армияга, түрү суук либерализмге же жеңилгендерге багышталып жатканын түшүнүү кыйын эле. Кукуш алакандары менен көзүн жаап алып отура берди. Ваксон колун көтөрүп, «Провакацияны токтоткула! Кукушка тийбегиле!» — деп кыйкырып жатты. Зал көптө барып басылды. Жолугушуу бүттү.

     Кетип бара жатып Ваксон микрофондон: «Мунун баарын кимдер буйрук берип, кимдер ойноду?» — деген суроо салды.

     Узатканга эч ким келген жок. Перрондогу элдин арасынан аларды аңдыган көздөр жүргөн сыяктанат. Поездге кирип эле, алар вагон-ресторанга өтүштү. Коньяк заказ кылышып, жарым стакандан тартып жиберишти. Андан кийин кучакташып калышты: «Вакса, менин кымбаттуум!» «Кукуш, менин ак жүрөгүм!..»

                     Бул экөөнү бир туугандай бир-бирине тартылган,
                     Бириктирген, ак сөөктөрдүн оюну эмес болучу.
                     Анан дагы антишкен жок теги бурят болгондон,
                     Кезегинде, кыйроо салган еврейдин жолборсу.
                   
                     Коммунизм отун жагып бул экөөнүн атасы,
                     Учурунда Урал шаарын туруучу эле башкарып.
                     Бул өлкөнү бийлеп алып көпөстөрдүн ордосу,
                     Желдеттери садизмдин өлтүрүшчү ташка алып.
                   
                     А энелер троцкизмдин түшүп берип торуна,
                     Алган сыйы — тосуп алчу кучак жайып Колыма.
                     Чарчагандай тытышкандан «комсомолу» жаштардын,
                     Калган түшүп темир чеңгел «байкесинин» колуна.
                   
                     Сөздүн гүлүн терсеңерчи курмандыктын балдары,
                     Байкасаңар, баары ичкен жок, азырынча бири кем.
                     Атылчудай ыр ышкысы сырдуу кайнайт канында,
                     Ар кай жерде дөңгөч болуп жатканы жок чириген.

     Бир сааттан кийин алар биротоло ичкиликке кирип кетишти. Экөө калчылдаган ресторандын бурчунда отуруп, экинчи бөтөлкөнү бошотуп, алардын жалпы досу Гладиолус Подгурскийдин «үй-бүлөлүк жана жеке турмуш» жөнүндө айткандары тууралуу шыбырашып сүйлөшүп баратышты.

     — Кана, мага өзүңдүн периштең тууралуу айтып берчи, — деди Ваксон. — Төшөктө жакшы элеби?

     — Ал назиктигинен периштелиги, периштелигинен назиктиги өткөн, бир керемет жан, — деп жооп берди Кукуш. — Анын гениалдуулугунан балалык мүнөзү, балалык мүнөзүнөн гениалдуугу өтөт эмеспи.

     — Укмуш айттың, — деп баш ийкеди Ваксон. — Көз алдыга келтире айттың.

     — Эми сен өзүңкү жөнүндө айтып бер, — деп эңкейе берип сунуш кылды ­
Кукуш.

     — Ким жөнүндө?

     — Өзүңдүн периштең жөнүндө.

     — Аны сага эмне үчүн айтышым керек?

     — Мен сага айтып бербедимби.

     — Мен сеникин билсем болду, сен меникин билбей эле кой.

     — Андай болсо ал жөнүндө кур дегенде төрт сөз айтып берчи?

     — Төрт сөзбү?

     — Ооба, төрт.

     — Сүйүктүү тажаал. Чыдагыс сулуу.

     — Дурус айтылды. Тажаал дечи, анүстүнө, аны мен билем да.

        Ошол учурда аларга вагон толгон элдин арасынан бири-бирине абдан окшошуп кеткен эки жаш адам көз салып турушту: чачтары узун, бакенбардалары калың, муруттары салаңдаган. Официантты күтүп турушуп, андан аларга >үчүнчү бир бөтөлкө коньякты жазылган каттын коштоосунда берип жиберишти: «Биздин үстөлдөн, сиздердин таланты>ңарды сыйлаган Федор, Сергей Борисовдор». Бактыга жараша, алардын кат жазылган бөтөлкөсү экөөнө жеткен жок. Аны жолдон студенттердин курулуш отрядынын жалындаган жаш жигит>и илип кетти. Бөтөлкөнү чөнтөгүнө сала коюп, бир ооз экспромт айтты: «Бул бакенбард сакалчан эк>өөнү силер көчүккө тебишиңер керек. Анткени жасалма леопард антилопага татыктуу эмес». Ушуну айтып түтүнгө чулганган абага си>ңгендей жок болду.

     Москвада перрондо экөөнү периштелери тосуп алышты. Алар чылым чегип, агарып бараткан таң алдында ар кайсыны сүйлөшүп турган эле. Вагондон күтүп жаткан эки азаматтары чыга келгенде каткырып жиберишти: «Мына айтпадым беле? Көлгө жетип эле кайтышат деп».

      Каралжын-саргыч «Волга» Садовое тегеренме жолунда баратты. Рулда отурган Ралисса. Алардан 10 метр артта капкара «Волга» келатат, ичинде бири-бирине окшошкон эки жаш жигит, бирок, бакенбардалары, муруттары жок. «Шайтан алгырлар, куйругубузда келатат», — деди Ралисса жанындагы досуна. Арткы орундукта Кукуш өзүнүн периштеси менен отурган. Алар бири-биринен башка эч кимди уккан да, көрүшкөн да жок. Алар төгүлүп-чачылып ыр окуп баратышты.