Михаил Анищенко
1950-жылы Куйбышев (азыркы Самара) шаарында туулган. Москвадагы А. М. Горький атындагы Адабий институтту бүтүргөн. Фрезерчи, слесарь, сантехник, короолчу, мэрдин жардамчысы, журналист болуп иштеген. Алгачкы ыр жыйнагы 1979-жылы жарык көргөн. «Таберик» (2008), «Сокур жаан ырлары» (2011) сындуу бир нече ыр китептин, романдардын жана У. Шекспирдин өмүрү жөнүндө «Топ жылдыздардын түпкүрү толук ачылган» аттуу даректүү иликтеменин автору. Россия Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Күмүш жаачы» сыйлыгынын (2011), С. В. Михалков сыйлыгынын (2011), «Эл акыны» тармактык адабий сыйлыгынын (2012), ж. б. сыйлыктардын лауреаты. Соңку өмүрүн Самара облусунун Шелехметь айылында өткөрүп, 2012-жылы көз жумган.
Ар жылы Самарада акындын атындагы Бүткүлроссиялык жаштар адабий фестивалы өткөрүлүп турат. Михаил Анищенкого Евгений Евтушенко мындайча мүнөздөмө бергени бар: «өзүнүн акылдуу, бала кыял ыймандай сыры менен сулуу көрүнүп, азгын болсо да, мекенди, аялды, табигатты назик сүйө билген, такыба көз караштагы тайманбас, аялуу адамдардын тобуна Сергей Есенин, Николай Рубцов, Веничка Ерофеев сыяктуу эле жөн жеринен келбеген акын...»