Шинель
Шинель
Ата-Журттун толгоп билегин, учур эле куюн курчуган,
Башмачкиндин тонойм шинелин Петербургдун туюк бурчунан.
Шинель сонун, чапчак болуучу өзүмө да, анан балама.
Бирок сыздап жаным ооручу бараткандай тозок санаада.
Эскеремин аркы-беркимди, жаңы байлык жаман оор жомок:
Балталагам эки кемпирди, Кистеневка айлын олжолоп.
Шинель мени мынча көптүргөн, орго түртсө, улам оргудум.
Мумуну да сууга чөктүргөм, Катерина көрдү кордугум.
Шинелимдин айтпа күнөөсүн, жакпагандар оңбой кусат кан.
Падышанын октоп бүлөөсүн, а дүйнөгө бүтүн узаткам.
Шинель кийип отун жаргамын, сыйыртмакты жакчу жасаган.
Айтыш кыйын андан ар жагын, андан кыйын бирок жашаган.
Түбөлүк от күлгө айланып, кыйч-куйч этип чаңда баталга,
Мага ишенет улам байланып ууру-кески, өкмөт атаң да.
Эч ким билбейт: олку-солкудан ким тонолуп, кими кур калган.
Кремлде өзүм олтурам шинелди да кийип уурдалган.