Айлампа
Көз шишиги — айлампасы тозоктун,
Ак жал толкун сакалыма оролгон.
Мен жалгызмын. Көп досторду жоготтум:
Суудан бырыш тарагандай жоголгон.
Жыйырма жыл жерим түнгө камтылып,
Көккө умтулам мордон чыккан түтүндөй.
Таштак жолум тузак болуп тартылып,
Айрылышкан жылдыз тарап бүтүндөй.
Жаза берип жаным көзгө көрүнгөн,
Ырп этерге ысыгым жок денеде.
Мен турмушта коркпойм деле өлүмдөн,
Бирок балээ жатпайбы ушул «деледе»...
Ак жал толкун сакалыма оролгон.
Мен жалгызмын. Көп досторду жоготтум:
Суудан бырыш тарагандай жоголгон.
Жыйырма жыл жерим түнгө камтылып,
Көккө умтулам мордон чыккан түтүндөй.
Таштак жолум тузак болуп тартылып,
Айрылышкан жылдыз тарап бүтүндөй.
Жаза берип жаным көзгө көрүнгөн,
Ырп этерге ысыгым жок денеде.
Мен турмушта коркпойм деле өлүмдөн,
Бирок балээ жатпайбы ушул «деледе»...





