Олег Павлов
Павлов Олег Олегович (1970—2018) — жазуучу, очеркист, сынчы. «Орус Букери» (2002), Александр Солженицын (2012) жана башка сыйлыктардын ээси.
Москва шаарында туулган. Адабиятка ал кароолчунун көз карашындагы түрмө турмушу тууралуу жазылган «Кароол элегиялары» (1990) аңгемелер цикли менен аралашкан. А. М. Горький ат. адабият институтун аяктаган, кийин ал жерде проза боюнча семинарларды алып барган.
Павловдун конвой аскер кызматы тууралуу «Казына жомогу» аттуу алгачкы эле романы жаш авторду таанымал кылган. «Матюшиндин иши», «Асистолия», «Оорукана кароолунун күндөлүгү» романдары Павловду азыркы жазуучу-реалисттердин алдыңкы катарына койду.
Ал өзүн адабий сынчы катары да көрсөтө алды («Орус адабияты жана дыйкандар маселеси», «Орус прозасынын метафизикасы»). Павловду поэтикалык күч жана христиандык жантартуу менен сугарылган катаал «тобо келтирүү прозасынын» устаты деп аташат. Анын каарманы — чек ара шарттарында жашоонун мааниси менен сактап калуу ыкмасын издеген адам.