Евгений Карасёв
1937-жылы Калининде (азыркы Тверь) төрөлгөн. Тагдыры татаал адам: согушта жетим калып, чөнтөкчү-ууру болуп, балдар колониясына түшүп, жалпысынан 20 жылдык өмүрү түрмөдө өткөн. Жети жолу соттолуп, «өтө коркунучтуу рецидивист» деп табылган. Тикенек зымдардын курчоосунда орто мектепти бүтүрөт жана ошол жакта шыгы ойгонуп, ыр жаза баштаган. Өлкөнүн алыскы райондорунда карагай кыйып, темир жол курулушунда иштеген. 1986-жылы кылмыш дүйнөсүнө кош айтып, комиссиялык дүкөндүн директору, антиквариатты баалочу адис болуп кызмат кылган. Алгачкы «Кудай жолунда» жыйнагын 1992-жылы гана чыгарат. «Ишенбестик жүгү» (1998), «Күнөө күбөлөрү» (2000), «Адашкан уулдун ырлары» (2003), «Буюм далилдери» (2014) сындуу жети жыйнактын автору. Бир нече аңгеме жана повесттери, ошондой эле «Жарыш дүйнө» (2007) түрмө эскерүүлөрү жарык көргөн. «Новый мир» жана «Арион» журналдарынын, «Anthologia» поэтикалык сыйлыгынын, Н. С. Гумилёв атындагы сыйлыктын лауреаты. Россия жазуучулар союзунун мүчөсү. 2019-жылы кайтыш болгон.
Карасёвго заманбап акындар Олег Чухонцев, Юрий Кублановский, Татьяна Бек, Максим Амелин өз бааларын беришкен. Сынчы Лев Данилкин: «бул жердеги адамдардын бирине да окшобогон таң каларлык акын — акын эле болсо кана», — деп белгилеген.