Жол акы

Түрмөнүн дубал тушунда зуулдап өтөт трамвай, капастагы жырткычтай шаар добушун угам жай. «Шыңгыр эткен вагонго түшкүдөй бакыт үчүн мен алмашсам болот нени», — деп талдай берем ичимден. Кымбат унаа, арбын акча, дача деңиз боюнда, картина, фарфор, сейрек тыйын болсо менин колумда, ойлонбостон баардыгын бермекмин дейм оюмда... Көп жылдан соң сүйүнүчтөн кантет башым айланбай: көптөн күткөн трамвайда баратканым майрамдай. «Жол акысы — үч тыйын» деп жарнакты окуп баа жеткис, айырмасын санабадым санаасы жок кайрандай.