Бактылуу жээкте

Күн, дайра — Жыргалдын бир төрүндөй. Тыз коёт майда балык көлөкөсү, өздөрү бирок көрүнбөй. Ана, күмүштөй жылт деп бир бурчтан, изи жок кетти кайда анан? Кудум эле тыйындай сууга ыргыткан келсем деп мында кайрадан.