Тартынчаак
Жети жолу кишенделип сотто колдорум,
кандай гана лагерлерде болбодум,
ашыкча азык алууну көпчүлүгү самашып,
нарда өлгөн коңшусун тирүү жандай санатып,
башчыларга билдирбей жапырышат кулакты,
текшерүүчү жыт алып, таап чыккыча дубакты*
маркумдарга аралаш уктап деле жаткамын.
Тыюу салган тилкеде карабай ок атканын,
тартиби күч зоналардан качкамын.
Өлүмгө өкүм кылынып, үмүт үзгөн жарыктан
жанкечтилер вагонунда бирге сапар карыткам,
карцерлерде, жалгыз жатчу жазанакта зарыккам...
Акыркы анан фраердей көпкө жүрдүм баралбай:
ыр жазылган дептеримди кармалап,
«Новый мир» журналына айбыгып баш багалбай.
* Дубак — өлгөн киши.