Кыйшык жаан

Жаан төгүлөт аркы көчө тарапка, көйнөгүмдү суу кылбай. Аймакты бөлүп алган иттер адатта сейилдешет ушундай. Болбосо, көңүл бир топ эргимек — узак жолдо аптап мээни эзгилеп турган чакта өткүнгө мен кабылсам, дене-боюм сергимек. Жулунган чатыр калдырап да калайдай, тосуп алды эшиги бек эски там. Анан мына, көп күттүргөн аялдай башка жолго түшкөн бойдон кетти жаан.