Кыйшык жаан
Жаан төгүлөт аркы көчө тарапка,
көйнөгүмдү суу кылбай.
Аймакты бөлүп алган иттер адатта
сейилдешет ушундай.
Болбосо, көңүл бир топ эргимек —
узак жолдо аптап мээни эзгилеп
турган чакта өткүнгө мен кабылсам,
дене-боюм сергимек.
Жулунган чатыр калдырап да калайдай,
тосуп алды эшиги бек эски там.
Анан мына, көп күттүргөн аялдай
башка жолго түшкөн бойдон кетти жаан.




