Даниил Гранин
Гранин Даниил Александрович (1919—2017) — жазуучу, сценарист, публицист, коомдук ишмер. Согуш тууралуу, «шаардык», тарыхый прозалардын автору, документалист. СССР мамлекеттик (1976) жана РФ мамлекеттик (2001, 2016) жана башка көптөгөн сыйлыктардын лауреаты.
Курск губерниясындагы Волынь шаарында туулган. Ленинград политехникалык институтун аяктаган. Инженер-энергетик болуп иштеген. 1941-жылы өз ыктыяры менен фронтко аттанган. Граниндин алгачкы аңгемелери 1937-жылы жарык көргөн. Жазуучуга жаш советтик окумуштуулардын көйгөйлөрү жана умтулуулары тууралуу жазылган «Издөөчүлөр», «Үйлөнүү тоюнан соң», «Чагылганга карай баратам», «Жеке пикир» ж. б. повесттери менен романдары 1960-жылдары болуп көрбөгөндөй атак-даңк алып келген. 1979-жылы Алесь Адамович менен бирге — ленинград блокадасын кеңири иликтеген даректүү «Блокада китебин» түзгөн. Тарыхый чыгармаларды жазган. Атактуу генетик Николай Тимофеев-Ресовскийдин тагдыры тууралуу жазылган «Зубр» аттуу китеби «кайра куруу романдарынын» эң чуулгандууларынын бири болуп саналат.
Согуш прозаларын, очерктерди, публицистикаларды жазган. Коомдук ишмердүүлүк менен активдүү жигерденген, бир катар маданий жана кайрымдуулук долбоорлорунун демилгечиси.