Игорь Меламед
1961-жылы Львовдо (Украина ССРи) төрөлгөн. Черновицкий университетинин филология факультетинде окуган, А. М. Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. «Юность» журналынын сын бөлүмүнүн редактору, Борис Пастернактын Переделкинодогу музейинде илимий кызматкер болуп иштеген. Омурткасын кокустатып алгандан кийин өз алдынча кыймыл жасоо мүмкүндүгүнөн ажырап калган. Ооруп жаткан жылдары жигердүү блоггер болот, бир нече мистификацияланган акындар менен сынчылардын «адабий бет кабын» түзөт. «Уйкусуздук» (1994), «Кара бейиште» (1998) жана «Акыбет» (2010) ыр китептеринин автору. М. Горький атындагы адабий сыйлыктын, «Москва эсеби», Волошин атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. 2014-жылы кайтыш болгон.
Көзү өткөндөн кийин ырлары, эссеистикасы жана «адабий бет каптары» жыйнакталып, үч китеп болуп чыгат. «Игорь мен жашоомдо жолуктургандардын ичинен эң кызыктуу жана адаттан тыш киши болчу. <...> Ал кимге окшош эмес эле — даана Акынга. Мен ошол кезде Акындарды кандай элестетсем, ошондой эмес болчу. Бирок ал Акындын дал өзү экен. Канчалык баналдуу угулса да, Кудай аны акын кылып жараткан», — деп эскерет адабиятчы жана сынчы Павел Басинский.