Жалындаган саамайымда муз тоңуп...
* * *
Жалындаган саамайымда муз тоңуп,
өрт чалгандай картон дубал ар жагын...
Кыл учуна турса баары туш болуп —
Кыйнабачы, тийгиз бирок жардамың.
Кыйшак учуп келе жаткан таш дагы,
жалын дагы үзүп салган дубаңды...
Кылдын учун кармап турган Баш дагы
устарасын шилтейт билбей убалды.





