Псалом
Шамал улуйт, чатырды калдактатып,
караңгыны чайпалтып айланамда.
Падыша элем, турушчу ардакташып,
Каардуу душман капыстан жайлаганча.
Кара абада издеймин алаканың,
түнү бою тынчыбай жаным таакыр,
элик сымал сен жакка баратамын,
булагыңдан ичсем деп каным катып.
Уктап кетсем — түшүм оң болгон сайын,
өңүмдөгү көргөнүм коркунучтуу.
Түпсүз мындай тереңди табыш кыйын,
Түшүп кетип жалбарам кол сунушту!
Кайрып берчи келбетим падышалык,
Сөзүң менен тирилтчи баарын кайра!..
Деп муңканат бактысыз байкуш Давид
Сүйүүсүнөн Кудайдын жабырлана.





