Сакта, менин сүйүктүүм, каар күндөргө...
* * *
А. Р.
Сакта, менин сүйүктүүм, каар күндөргө
ноябрдын коргошун муз таңдарын,
жеңилген туу жибектерин түрлөнгөн,
туурулган суук шейшеп, кесел арманын,
коштошуунун чыйрыктырган кучагын
поезддердин калтырагын кайрылбас...
Алгын эми, сел тарткыча тузагын,
жалбаруумду сал кемеге табылбас —
белги мына сүзүп жөнөп кетерге,
барса келбес коштойт үнсүз кайрыгы,
сезилбеген жумшак желге жөтөлбө,
акыркы суук, сүйүктүүм, бул айрылуу.
А. Р.
Сакта, менин сүйүктүүм, каар күндөргө
ноябрдын коргошун муз таңдарын,
жеңилген туу жибектерин түрлөнгөн,
туурулган суук шейшеп, кесел арманын,
коштошуунун чыйрыктырган кучагын
поезддердин калтырагын кайрылбас...
Алгын эми, сел тарткыча тузагын,
жалбаруумду сал кемеге табылбас —
белги мына сүзүп жөнөп кетерге,
барса келбес коштойт үнсүз кайрыгы,
сезилбеген жумшак желге жөтөлбө,
акыркы суук, сүйүктүүм, бул айрылуу.




