Захар Прилепин
Прилепин Захар (Евгений Николаевич; 1975-ж. т.) — жазуучу, филолог, публицист, коомдук ишмер, редактор, теле алып баруучу, актер. «Улуттук бестселлер» (2007), РФ Өкмөтүнүн (2016), «Чоң китеп» (2014), «Ясная Поляна» (2006) жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси.
Рязань облусунда, тарых мугалими менен медайымдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. ОМОНдо кызмат өтөгөн, Чечнядагы согуш аракеттерине катышкан. Н. И. Лобачевский ат. Нижегород мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Бир катар ЖМКларда башкы редактор болуп иштеген, ТВда автордук программаларды жана музыкалык шоуларды алып барган, киного тартылган, М. Горький ат. МХАТтын адабий жетекчиси болгон.
Сынчылар менен окурмандар Прилепиндин китептеринен («Патологиялар», «Кайнак арак толгон батинкелер», «Турак үй» ж. б.) «күнүмдүк орус турмушунун чындыгын» жана «орустун кажардуу баатырдык максимализмин», ачык-айкын образдуулукту, тарыхыйлыкты, социалдык жана романтикалык пафосту табышат.