Виктор Пелевин
Пелевин Виктор Олегович (1962-ж. т.) — жазуучу, эссечи. «Чоң китеп» (2010), «Кичи Букер» (1993), «Улуттук бестселлер» (2004) жана башка орус жана европалык сыйлыктардын ээси.
Москвада төрөлгөн. Москва энергетикалык институтун аяктаган, А. М. Горький ат. адабият институнда окуган. 1991-жылы жазуучунун биринчи китеби — «Көк чырак» аттуу аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. «Омон Ра», «Чымын-чиркейлердин жашоо-тиричилиги», «Чапаев менен Боштук» жана «Generation «П» романдары авторго 1990-жылдардын интеллектуалдык реалдуулугун анын акылсыз идеялары, маанилик оюндары, мифтеринин талкаланып-кыйрашы, рухий чөйрөсүнүн коммерцияланышы жана симулякрлардын салтанат курушу аркылуу толугу менен чагылдырган визионер жана пайгамбар — культтук жазуучу-постмодернист атагын алып келген.
Пелевин — «Empire V» (2006), «S. N. U. F. F.» (2011), «Бэтмен Аполло», «Үч цукербриндерди сүйүү» (2014), «Кароолчу», «iPhuck 10» аттуу романдардын, «Өткөөл мезгилдин диалектикасы. Эч жактан эместен эч жакка карай» (2003) аңгемелер жыйнагынын ж. б. автору. 2021-жылы «Transhumanism Inc.» аңгемелер менен жазылган романы жарыкка чыккан.